Menu

Өзбекстанда балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын сабалышы боюнча кызматтык териштирүү башталды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда милиция кызматкерлери өкмөткө кайрылган балдар үйүнүн тарбиялануучуларын сабаганы тууралуу билдирүүдөн кийин кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) билдирди.

22-майда социалдык түйүндөргө Юнусабад райондук ички иштер бөлүмүндө балдар үйүнүн мурдагы тарбиялануучулары сабалганы тууралуу баяндалган видеотасма жарыяланган.

Анда Самарканддагы №6 балдар үйүнүн тарбиялануучулары өкмөттөн жардам суроо үчүн Ташкентке 21-майда келишкенин, ал күнү жер алдындагы өтмөктө түнөөгө аргасыз болушканын билдиришкен. Алардын айтымында, эртеси министрлер кабинетине барып, арыз жазып жатканда «Шерзод Салимов аттуу мекеменин жооптуу кызматкери аларды кемсинтип», ортодо чыр чыккан. Андан соң укук коргоо кызматкерлери келип, тарбиялануучуларды милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Алар Юнусабад ИИБсинде милиция кызматкерлери «өтө катаал мамиле кылышканын» билдиришүүдө.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, мамлекет Самарканддагы №6 жана №10, ошондой эле Ташкенттеги №22 бала бакчалардын тарбиялануучуларына турак жай берген. Бирок жооптуу органдар үйлөр насыяга берилгени тууралуу эскертпестен, аларды турак жайларынан чыгарып салышкан. Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары Ташкентке ушул маселесин чечүү максатында барышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: