Ош» эл аралык аэропорту 2021-жылдын 1-октябрында Стамбул шаарынан 8 жылдан бери уча авиакаттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды.
Салтка айлангандай, “Пегасус” авиакомпаниясынын Боинг 737 учагын суу аркасы менен тосуп алышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча башкы директордун орун басары Абдималик Бусурманкулов, Экономика, финансы жана социалдык өнүктүрүү иштери боюнча башкы директордун орун басары Рысбек Оморов, ташуу компанияларынын өкүлдөрү, “МЭА” ААКнын кызматкерлери жана башкалар катышты.
“Стамбул-Ош-Стамбул” багыты боюнча каттам жандандырылып, бүгүнкү күндү тарыхый күн деп айтууга болот. Аталган багыт боюнча каттамдар 8 жылдан бери аткарылган эмес. Бул өлкөбүздүн экономикалык потенциалын жогорулатат”, – деп “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча башкы директордун орун басары Абдималик Бусурманкулов билдирди.
Буга карай, “Пегасус” авиакомпаниясынын өкүлү Юсуф Эрман бул каттамды ачуу үчүн 2 жылдай убакыт талап кылынгандыгын белгилеп өттү.
“Мындан тышкары, бул каттамдын ачылышы Кыргызстандын жалпы түштүк аймагына жана Ош шаарына чоң жарнама боло тургандыгын белгей кетүүгө болот”, – деп билдирди.
Стамбул-Ош-Стамбул багыты боюнча каттам үзгүлтуксүз жумасына 3 жолу аткарылат.
Стамбулдан Ош шаарына 130 жүргүнчү учуп келип, артка Стамбулга 155 жүргүнчү учуп кетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ