Бүгүн, 6-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен Иманов Талантбек Орускулович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Иманов Талантбек Орускуловичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынды.
Буга чейин санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин кызматтан алынганы кабарланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ