Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Адамкулова Самаргүл Эркиновна Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгындагы жана Иордания Хашимит Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу преиденттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ