Өзбекстан Казакстандын Маңгыстау облусундагы каракалпактардын “Аллаяр жолы – Актау” этномаданий биримдигинин төрагасы Ниетбай Уразбаевге мамлекеттер аралык издөө жарыялады. Бул тууралуу каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбай Муратбай билдирди.
Анын айтымында, Уразбаев “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузууга аракет кылган” деп айыпталууда.
“Өзбекстандын өтүнүчү менен Казакстандын Ички иштер министрлиги Уразбаевди издөөдөгү адамдардын тизмесине киргизди. Мындан улам анын Казакстанда эркин жүрүүсү оорлоп калды”, – деп жазды Муратбай Twitter баракчасына.
СРОЧНО! #Узбекистан объявил в международный розыск гражданина Казахстана и добивается его ареста и экстрадиции. Ниетбай Уразбаев является главой диаспоры #каракалпак'ов Мангистауской области и членом Ассамблеи народов #Казахстан'а. Он обвиняется по протестам в #Каракалпакстан'е. pic.twitter.com/3SeuxkIvKk
— Aqylbek Muratbai (@muratbaiman) October 13, 2022
Казакстандын 53 жаштагы жараны Ниетбай Уразбаев Өзбекстандын бул аракетин быйыл июль айынын башында Каракалпакстанда болгон окуялар менен байланыштырууда.
“Мага карата куугунтуктун себептеринин бири каракалпактарды бириктирген бардык уюмдарды жабуу болушу мүмкүн. Каракалпактардын “Аллаяр жолы” этномаданий биримдиги Казакстан элдеринин ассамблеясына кирет”, – деди Уразбаев.
“Власть” сайтынын маалыматына караганда, Уразбаев июль окуяларынын алдында видеокайрылуу жасап, Каракалпакстанга референдум жолу менен Өзбекстандын курамынан чыгууга укук берген Өзбекстан Конституциясындагы 74-беренени өзгөртүүгө каршы экенин айткан.
Быйыл сентябрь-октябрь айларында Казакстанда туруктуу жашаган төрт каракалпакстандык активист кармалып, тергөө аяктаганга чейин камакка алынды: Зиуар Мирманбетова, Раиса Худайбергенова, Жангельды Жаксымбетов жана Кошкарбай Торемуратов. Алар да бул куугунтукту Каракалпакстандагы окуяларга байланыштырып жатышат.
1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.
4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ