Menu

Бишкектеги таштанды таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-мартта саат 11:00дө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине шаардын таштанды төгүүчү жайында ымыркай кыздын жансыз денеси табылганы жөнүндө  Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, бул иш боюнча суралган Бишкек шаарынын таштанды төгүүчү жайындагы 6-үйдүн тургуну Б.Н.дин айтуусунда, ал 16-март күнү болжол менен 10:00дөр чамасында таштандыны аралап жүргөн кезде ак мүшөктү көргөн, ичинен желим бөтөлкө таап алуу максатында ачып караган учурда ымыркайдын жансыз денеси табылган. Андан кийин баланы жерде жаткан халатка ороп таштанды төгүүчү жайдан чыгып, жолдун боюндагы үйдүн астына алып келип, өзүнүн уюлдук телефону жоктугуна байланыштуу милицияга чалууну ошол жерде иштеп жүргөндөрдөн суранган.

Окуя боюнча суралган экинчи күбө — Бишкектин Алтын-Казык жаңы конушунун тургуну А.Э., ошол күнү саат 10:00дөр чамасында Н. аттуу адам таштанды терип жүрүп ымыркай баланын жансыз өлүгүн тапканы тууралуу айткан.

Үчүнчү күбө — Бишкектин Алтын-Казык жаңы конушунун тургуну Т.А. 16-март күнү таштанды таштоочу жайда жүргөн. Болжол менен саат 11:00дөр чамасында таштанды терип жүргөн Н. аттуу адам таштанды таштоочу жайдын үстүнөн жаңы төрөлгөн баланын жансыз денесин таап, ага көтөрүп барган. Ал болсо милицияга чалган.

Ымыркай кыздын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: