Экс-депутат Урмат Аманбаева дарылануу курсунун бүткөнүнө байланыштуу кайрадан СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти.
Урмат Аманбаева ушул жылдын январь айынын орто ченинен баштап, Бишкек травматология жана ортопедия илимий – иликтөө борборунда дарыланган. Дарыгерлер экс-депутат дарыланып бүткөнүн, медициналык көзөмөл керек эместигин айтышкандан кийин, ЖАМК айыпталуучуну абакка алып кеткен.
Эске сала кетсек, Урмат Аманбаева коррупция боюнча айыпталып, тогуз жылга эркинен ажыратылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ