АКШ Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди сынга алып, чыр-чатактын мындан ары өнүгүшүнөн качууга чакырды. Бул туурасында мамлекеттик катчы Жон Керринин таркаткан билдирүүсүндө кабарланат.
“Кошмо Штаттар чечкиндүү түрдө көптөгөн адамдын, анын ичинде жайкын тургундардын өлүмүнө алып келген Тоолуу Карабактагы кагылышууну сынга алат. Биз тараптарды сабырдуу болууга жана ок атууну токтотуу боюнча келишимди сактоого чакырабыз ” деп жазылат билдирүүдө.
Керринин айтымында, мындай абалга байланыштуу тараптар ЕККУнун Минск тобунун тең төрагаларынын (Орусия, Франция, АКШ) колдоосу менен токтоосуз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү кажет.
Бул арада Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун дагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырды. Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Азербайжан президенти Илхам Алиевге чалып, Анкара аларды колдой турганын билдирди. Иран Ереван менен Бакуну сабырдуу болууга үндөдү. Грузия Армения менен Азербайжан лидерлеринин жолугушуусун уюштуруп берүүгө даяр экендигин айтса, Казакстан окуяга кабатыр болуп жаткандыгын ачыктады.
Азербайжан менен Армениянын Тоолуу Карабактагы салгылашы 2-апрелге караган түнү башталган. Бул үчүн эки тарап тең бири-бирин күнөөлөп жатат.
Аймакта абал курч бойдон калууда. Баку 12 азери аскеринин өлгөнүн кабарлады. Ереван 18 армян жоокеринин окко учканын айтууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ