Menu

Президенттин “жаш күлүктөрү” жандооч боло алышабы?..

Бөлүшүү:

 

Президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө башына келгени бийликтин бийик эшалондорун 25 жылдан бери мыкчып, улам бир креслону жыртып, кыргыздын шоруна туулган, жүздөрү жышылып, эбак жыдып бүткөн, бийликте турганда кыргызга эмес, өз туугандарына жарытылуу жакшылык жасабаган айрым саясатчы, чиновниктерди Акүйдөн арылтып, кадрдык жүрүштөргө олуттуу жан киргизип, 40 жаштын ары жак, бери жагындагы “солкулдактарды” бийик постторго тартып келет. Албетте, бул факт. Өткөн саныбызда президенттин укук коргоо органдары, мыйзамдуулук жана жалпы куралдуу күчтөр жаатындагы күч түзүмдөрүнүн анабашчылыгына дайындаган кадрларын тизмектесек, бул ирет башка бийлик бутактарына да сүлкүлдөгөн, күчкө толуп турган Алмаз Шаршенович тарабынан тандалган “жаш күлүктөрдү” чубалгыдан өткөрүп турубуз. Жалпы сынды карапайым эл берип, кимдин-ким экендигин ажыратып алышаар.

Эльвира Сариева

Ысык-Көлдүн ак куусу, билим берүү жана илим министри 41 жашта. Кадимки жаш депутат Улан Чолпонбаевдин (тиги дүйнөдө “Хоп” каймана аты бар) аталаш тууганы. Чырайы күүгүмдө жарык берген бул айымдын адам башын айланткан карьералык секириги да өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Катары менен 3 ирет кабат-кабат билим алган Эльвира айым алгач заманбап билимин эл аралык долбоорлорго жумшап жүрсө, мамлекеттик кызматтагы багы 2012-жылы КСДПнын катары менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуудан башталган. Эки жыл өтпөй чагылгандай тездик менен вице-премьер-министрликке жетсе, жыл айланбай билим берүү жана илим министрлигинин тууруна барып конот. Табиятынан тың, тирикарак экенин ушундан билиңиз, тажрыйбасы жоктугуна карабай, өңчөй бийик постторду “тажрыйбам жок” деп алакан жайбастан, ар кандай сындарга үндөбөстөн, жаштык жигер, курчтук мүнөзгө салып, беттегенин бербей иштөөдө. Эми андай жаштык, курчтугун Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректораты менен деканатындагы айрым “ууруларды” тез арада түрмөгө айдатууга жумшаса, далай студенттердин сообуна калат беле?

улугбек мариповУлукбек Марипов

Жаштыгына карабай тоодой кызматтык бак күткөн, илбериңки жүрүшү менен далай кызматтын даамын татып келе жаткан эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 37 жашта. Экс-депутат, банк системасынын ичегисин чубап, акча көбөйтүүнүн миң түрлүү сырын билген банкир Болот Мариповдун аталаш тууганы болот. Бу жигиттин билимдүүлүгүндө, бала күнүнөн мамлекеттик кызматта топтогон тажрыйбасына таңдангандар арбын. Анысында кеп жок. Кызыгы, оор кырдаалдарда кожоюндары үчүн “туруп берүү” жагдайы жаралса, акырын жылт коюп кете берерин айтышат. Буга далил, 2010-жылдын кандуу 7-апрелине бир күн калганда борбордук бийликтен Теңир-Тоодогу толкуган элди басууга аттанган Улукеңер тоо мүнөз элдин жаалынан коркуп, түнү менен борборду көздөй “фыр” койгонун айткандарга жообу бар болду бекен? Жаш эмеспи, эми андай адатынан арылаар. Неси болсо да, президент эсептөө палатасынын башына жыдыган, кыргыздын шоруна туулган ууру саясатчылардан эмес, дал ушундай билимдүү жаш кадрды алып келгендигинин өзү олжо.        

сапар исакСапар Исаков

ТИМдин катарынан канат күүлөп чыгаар замат боконо сөөгү ката электе айтылуу Медет Садыркулов, Алмазбек Шаршенович баштаган өңчөй үлкөндөр менен түз иштешкен Сапар Исаков ушул күндөрү өлкөбүздүн тышкы саясатын толугу менен чеңгелдеп, президенттин бу жааттагы “көзүр” фигурасына айланган. 39 жаштын кырына келген дипломат 33 жашында өкмөттүк аппараттын, 34 жашында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмдөрүн жетектеп, ушул кезге дейре ажобуздун ишенимин актап, камчы салдырбай талпынууда. Атамбаевдин кадрдык жүрүштөрдү жанданткан саясатын колдоп, бүгүн “сары чийкил” жигиттин ТИМге жалаң прагматикалык деңгээлде ой жүгүрткөн, билимдүү, илимдүү жаш кадрларды алып барууга басым жасаган кадамдарын айтсак неге болбосун? Баса, келечекте Сапар Исаков тышкы иштер министри болуп калаары да Аксарай ичинде кеп болуп калат. Өсчү жигит жаш курагында ушинтип иштеп, эл сынынан өтө берсин да.

алмазбек усоАлмазбек Үсөнов

Бу жигит убагында Курманбек Бакиевдин администрациясында катардагы эле кызматкер болчу, анан 2010-жылдын 7-апрелинен кийин ишсиз калып, бир топко бош жүрдү. Кийин кайрадан Акүйгө жетип, болгон аракети менен иштеп калды. Учурда президенттин маалымат саясатын тейлейт. А.Үсөновдун “жең ичинен” согуп, “арттан бычак урмай” адатын айтып да, жазып дагы келишет. Эми жоопкерчиликтүү кызматта турганда, андай тескери иштерди кылганы чын болсо, уят го? Бирок, Алмаз мырза өсө турган кадр катары баштагы катачылыктарын оңдоп, кимдир бирөөлөрдүн артынан тымызын жамандагандан бийик болуп, өз иши менен гана алек болсо, келечеги кең экенин көрөстөт эле! Азырынча сыноодон өтүп атса керек, өзү билет да, мурдагы кылган иштерин… Президентке душмандарды дос кыла турган милдетти Алмаз Үсөнов эмнеге аркалабайт, ыя?

нуржигит кадНуржигит Кадырбеков

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматын кыйла жыл жетектеп, Роза Отунбаева баштаган 5 министрдин алкоосуна арзып иштеген, билимдин артынан кууп, күн чыгыш өлкөсүнөн дейре барып, дүйнө таанымын өөрчүтүп келген президенттин алдындагы “Ыйман” фондусунун башчысы Нуржигит Кадырбеков дал бүгүн 31-мартта 39 жаштын кырына келди. Иш билгилигинин арты менен кыска аралыкта өлкө башчысынын назарына илинип, бүгүн жарышка түшчү тулпар сымал туйлап турган Нуржигит мырзага келечекте кандай кызмат ыроолонсо да майын чыгара иштеткенге күчү жетет. Ашкере дипломаттыгында, ыймандуулугунда, профессионал кадр экендигинде айып жок. Ошол себептенби, өлкөдө диний абал курчуп турганда Алмаз Шаршенович көздүн карегиндей болгон кадр Нуржигит Кадырбековду “Ыйман” фондун башкартып, чоң сыноодон өткөрүүдө. Саяпкери колдоп турса, табына келген күлүк баардык жактан алдыга озот да, туурабы? Ыңгайдан пайдаланып акын жана дипломат, жөнөкөйлүк жүрүшүнөн жазбаган каарманыбыздын бүгүнкү туулган күнүнө куттук айтмакчымын.

адилет бекбоевАдилет Бекбоев

Кыйынды кыйын деш керек. 27 жашында юридика илимдери боюнча кандидаттыгын жактап, Юракадемияда декан болгон Адилет Бекбоев көп кырлуу таланттын ээси. Чукугандай сөз тапкан чечендиги, дүйнө таанымынын кенендиги, эң башкысы, кыргыздын намысын коргоп, далай балбандардын далысын жер жыттаткан “манту кулак” экендиги баарыбызга маалым. Кадимки балбан Канатбек Бегалиевдин жандай көргөн жакын досу. Спортсмендерди колдоо жагынан анча-мынча олигархтардан ашса ашат, алды кем калбайт. Учурда 36 жаштын чайын ичип жаткан каарманыбыз өкмөттүн билим берүү, маданият жана спорт комитетинин башчылыгына барды. Өткөн жылы билим берүү жана илим министринин 1-орун басарлыгына дайындалган. Кыска аралыкта тармакты ийге келтирген Адилет Бекбоевди жакында бир катар абройлуу жаш спортчулар “жаштар жана дене-тарбия, спорт агенттигинин башчылыгына дайындалса” деген тилектерин жогорку бийлик төбөлдөрүнө кайрылуу менен чыгышары каңкуланууда. Андыктан, Алмаз Шаршенович бул кадрын министр, спорт агенттигинин башчылыгына алып барса деле камчы салдырбай, өлкө башчысын уят кылбай иштеп кетери ажеп эмес.

айбек калАйбек Калиев

Бешиктен бели чыга элек жатып, 29 жашында министр орун басары болгон Айбек Калиев бүгүн 33 жашта. Энергетика министрлигинин ордуна түзүлгөн Улуттук энергетикалык холдингдин башчылыгын аркалайт. Бу эрен эне сүтү оозунан кете элек 26 жашында эле каргыш тийгир Максим Бакиев түзгөн ЦАРИИде да эксперттик топту жетектеген жайы бар. Ток этери “жүнү тирүү” адис. Ошентсе да бу ишенген Айбегиңер жаштыгына карабай алдыдагы ооматын татыктуу аркалап, элдин, президенттин ишенимин аркалашы абзел. Мындай оомат миңдеген жаштардын бирине гана оойт. Алмаз Шаршенович бу “чыйпыт кадрды” көтөрмөлөп, жөлөп-таяп койгондо көбү шыпшынышып, ишенбегендей түр жаратышкан. Кызык, элибиз качанкыга чейин Акаев, Бакиев доорунан берки кирди-чыкты айлык алып, колунан жарытылуу иш келбеген, улам бир креслону жыртып бүтүшкөн “тиши жок” кадрларга тебелене бериши керек? Андай көрө эртеңки келечегибиз болгон ушундай кадрларды жөлөп-таяган президенттин кадамдарын колдосок болбойбу?             

Биз бул жолу да президент Алмаз Шаршеновичтин кадрдык жүрүштөрдү жандантып, өңчөй жаштарды мамлекеттик бийик постторго көтөрүп жаткан колдоого арзычу иштерин гана тизмектедик. Жогорудагы биз атаган кырктын кырындагы жаштар элдин, президенттин ишенимин канчалык деңгээлде актай алышат? Алдыдагы ооматтарын, жоопкерчиликтүү кызматтарын сезип, советтик системадан тарбияланган космополит саясатчылардан айырмаланып, жаңы муундагы кыргыз элитасы боло алышабы? Мындай түйүндү суроолорго жооптуу мезгил өзү баа берээр. Биз тек гана кадрдык саясаттын жылуу өңүтүнө басым жасадык.   

Калыгул Бейшекеев

Булак: “АЗИЯnews

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: