Menu

Кандуу жол менен келген бийликке 6 жыл толду, Атамбаев антына турдубу?..

Бөлүшүү:

Мен, башка көп себептерди санабай эле коеюн. Бүгүн, Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн урпактары мындан 6 жыл мурда ант берип карганышкан Ата-Бейитке барышат.
Кандуу төңкөрүштүн себептери:
1. Бийликти бир ууч адамдар, үй бүлөөлүк бийлик басып алды;
2. Электр тарифтери 1,50 сомго көтөрүлдү;
3.Токтогул Суу сактагычынын көлөмү азайды, Максим сатышы мүмкүн;
4.Сөз эркиндиги тепселип, журналисттер куугунтукка алынды;
5. Оппозиция саясий куугунтукка алынууда;
6. Өлкөдө кымбатчылык, жашоо шарт начар;
7. Тышкы мамлекеттик карыз 2 млрд доллардан ашып кетти;
Мына ушул сыяктуу себептерди айткан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликти алмаштырууга себепчи болуп, жогорудагы жана башка кесепеттерди жоюга убада берип, антташкан. Мына ушул күнү кыргыз элинин жашоосун начарлатты деген Бакиев бийликтен качууга аргасыз болгон. Кан төгүлүп, 87 адам каза тапкан күн. Дал ошол 6 жыл илгери Ата Бейитке Маркумдардын сөөгүн коюп жатып Атамбаев, Текебаев, Сариев, А.Жээнбеков, Отунбаева, Каптагаев башында турган топ көздөрүнө жаш алып, каргылданган үндөрү менен ант берип, маркумдардын мүрзөсүндө Бакиевдин жолун жолдобойбуз деп карганышкан. Кыргыз ант урат, кан кое бербейт деп айтып калат. Мына 6 жыл мурдагы антына турдубу бийлик? Калыс ой жүгүртүп, санап көрбөйсүздөрбү. Мен тизмелеген далилдер жакшы жагына өзгөрдүбү? Антына турбаган Атамбаевди ант урушу мүмкүнбү?!..
Бүгүн дагы арбактар башына барып Атамбаев көп сөздү айтышы мүмкүн.
7 Aprel13-39-29
Ант бергенден кийинки абалга көз жүгүртүп көрөлү:
1. Бир туугандардын колундагы бийлик, башкача топ: шопур, жан сакчы, өкүл бала, достордун менчигине айланды;
2.Электр тарифи 2,16 сомго кымбаттады;
3. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү Бакиевдин убагындагыдан эки эсе аз;
4. Сөз эркиндиги тепселип, бийликти сынга алган журналисттер куугунтукка алынып, миллиондогон суммалар менен айыпка жыгылууда;
5. Оппозиция мүчөлөрү Бакиевдин убагындагыдай эле куугунтукка алынып, бир топ демократиялык укуктарынан ажырашты.
6. Өлкөдө элдин жашоо шарты жакшырып кеткен жок, Атамбаев жана анын тууган, үй бүлөө шопурларын эске албаганда;
7. Тышкы мамлекеттик карыз 3,7 млрд доллардан ашты.
Менин көз карашымда апрелдеги каргашадагы курман болгон баатырлардын өмүрү текке кетти, арбактар алданды деп эсептейм. Булар берген анттынан танышты, өткөн тагдырын унутушту.
Дайыр Орунбеков, журналист

Булак: maalymat.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: