Menu

“Кыргызтемиржолудагы” коррупциялык иш-аракеттер тууралуу депутат Р.Казакбаев үн катты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев “Кыргызтемиржолу” акционердик коомундагы коррупциялык схемалар боюнча маселе көтөрдү.

Эл өкүлү темир жолдо иштеген бир топ кызматкерлер “Кыргызтемиржолу” акционердик коомунда каражаттар жүйөөсүз пайдаланылгандыгы жана мекеменин кирешелерин жашыруу боюнча кайрылгандыгын айтты. Анын негизинде, аталган АКда миллиондогон каражаттар оңго-солго жумшалган. Мекеме кызматкерлеринин айтымында, бул акционердик коомго тиешелүү болгон “Локомотив” стадионунда үстү жабык муз аянтча 198 миллион сомго курулган. 100 жылга жарактуу делген бул обьект бир жылдан кийин оңдоо иштерине ай сайын бир миллион сомдон каражат жумшалды деп мекеме жетекчилиги маалымат беришкен. Бирок эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Мындан сырткары, бул стадионго керектүү шаймандарды сатып алууга 394 млн. сом жумшалган. Ошону менен катар эле кереги жок обьекттер – мини футбол, теннис аянтчалары 15 миллион сомдон ашык каражатка курулган. Курулуштардагы материалдар асмандатылган, жумуштары тендерсиз эле “Кыргызтемиржолуна” тиешелүү болгон “Мост-отряд” фирмасы иш алпарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: