Жакында эле транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров Жогорку Кеңештин депутаттарына отчет берип жатып Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун курууга акча табылды деп сүйүнчүлөгөн болчу. Анда каражат Улуттук банктын кирешесинен, аэробекет жыйымдарынан жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан алынары айтылган. Бирок, кечээ «Манас» аэропортунун жетекчилиги муну четке кагып, “биздин акчага көз артпагыла, ал аэробекеттин жабдууларын жаӊыртууга жумшалат” деп чыкты.
Мындай карама-каршылыкка башы маң болгон депутат Рыскелди Момбеков «Деги, булардын кимисине ишенсе болот? Мамлекеттик органдар менен мекемелер мындай кайчы пикир айтканын, бири-бирин жокко чыгарганын канчан токтотот? Өкмөт бул багытта тиешелүү чараларды көрүп, так жообун бериши зарыл», – деди парламенттин бүгүнкү жыйынында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ