Menu

Боронов өзгөчө кырдаалдар боюнча өкмөттө маалымат берди

Бөлүшүү:

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өлкө аймактарындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов үстүбүздөгү жылдын 9-майында катталган катуу шамалдын айынан Баткен облусунун айрым райондорунда турак-жайлардын жана социалдык обьекттердин жабыр тартканы боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Баткен облусу боюнча 866 турак-жайдын 9651 даана шифери, ал эми 17 социалдык объектинин 833 шифери талкаланган. Талас облусунун айрым райондорунда мөндүр аралаш жаандан жана катуу шамалдан сел пайда болгон. Ошондой эле орто мектептердин биринин жана райондук прокуратуранын чатырлары бүлгүнгө учураган.

Кубатбек Боронов учурда комиссия жаратылыш кырсыгынан келтирилген зыяндын көлөмүн аныкталып жатканын билдирди. Республикадагы абал тууралуу маалымат менен таанышкан соң Мухамметкалый Абулгазиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлерине жана райондук мамадминистрация жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Буга ылайык, аймактарга жаратылыш кырсыгынан келтирилген зыяндарды жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу, чарба обьектилерин коргоону камсыздоону күчтөндүрүү зарыл. Мындан тышкары, тургундарды коопсуз аймактарга көчүрүүнү тездетүү, материалдык зыяндардын, адам курмандыктарынын алдын алуу боюнча чараларды аныктоо тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: