Мирлан Токталиев Жогорку Кеңешинин Төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мирлан Токталиев эмгек жолун 2002-жылы Нарын облусунун Нарын шаарындагы “Алмаз-Нарын” радиосунда кабарчы, программанын алып баруучусу болуп баштаган. 2004-2005-жылдары №3 ПЛУАД мекемесинде инженер-программист болуп иштеген. 2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын октябрына чейин Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Жаштар медиа борборунун” координатору болгон. 2006-2009-жылдары “Азаттык” радиосунун кабарчысы жана “Азаттык+” телеберүүсүнүн журналисти болуп эмгектенген. 2009-жылдан 2016-жылга чейин “Азаттык” радиосунун интернет сайтынын (azattyk.kg) мультимедиалык редактору болуп иштеген. 2016-жылдын мартынан тарта Мирлан Токталиев КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгында эксперт болуп иштеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ