Жогорку Кеӊештин бүгүн, 1-июнда өтүп жаткан жыйынында депутаттар Баткен облусунун Кадамжай облусунда болгон тарбигый кырсыктан каза болгон жарандарды ордунан туруп эскеришти.
Жыйын жүрүшүндө депутаттар тобу Кадамжайга барып, селдин кесепеттери, аларды жоюу жүрүшү менен жеринен таанышып келгени белгилүү болду. Бул тууралуу депутаттык топтун жетекчиси Зиядин Жамалдинов учкай маалымат берди. Ал эми өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев ушу тапта табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Эске салсак, 2016-жылдын 27-майында Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргөн селдин кесепетинен 5 жаран каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ