Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинин өкүлдөр палатасынын “Демократия үчүн өнөктөштүк” комиссиясынын төрагасы, конгрессчи Питер Роскан башчылык кылган топ менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгынын маселелери талкууланды.
Кыргызстан парламентинин ишмердигин мындан ары жакшыртуу жана анын ролун арттыруу, ошондой эле өлкөдө демократияны чыңдоо үчүн Жогорку Кеңеш менен АКШ Конгрессинин ортосундагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн маанилүү экендиги белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ