Медицина тармагына кандай көңүл бурулса, ветеринарияга да ошондой деңгээлде маани берилиши кажет, анткени, ал тармактагы абалдан жарандардын ден-соолугу көз каранды. Бул туурасында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 22-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча талкуу жүрүшүндө парламентарийлердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, мал чарба продукциясын экспорттоону кеңейтүү жана анын сапатын жогорулатуу максатында өлкөнүн ветеринардык инфраструктурасын өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулушу тийиш.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунда республика бир катар милдетенмелерди кабыл алган, анын бири – эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу.
Премьер-министр эскерткендей, лабораторияларды куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иш башталды.
Белгилесек, аймактык төрт ветеринардык лабораториянын курулушуна 37,3 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле реконструкциялоонун биринчи этабына, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы карантиндик фитосанитардык лабораторияларды жабдуулар менен камсыздоо жана кызматкерлерди окутууга 26 млн сом багытталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ