Бийликтин Борбордук шайлоо комиссиясына көзөмөлү дагы күчөдү. Мындай пикирин экс-депутат Равшан Жээнбеков фейсбуктагы баракчасында билдирди.
“Булардын ичинен эки гана адам каршы чыгып, өз көз караштарын айтышы мүмкүн. Алар – Атыр Абдрахматова жана Гүлнара Журабаева. Калгандары Атамбаев эмне айтса, ошону аткарат. Бийликке жагымдуу БШК. Мындай курамдагы БШК адилеттүү жана таза шайлоо өткөрө албайт”, – дейт Жээнбеков.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында президент жана фракциялар тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган талапкерлер көпчүлүк добуш менен БШК мүчөлүгүнө шайланышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ