Menu

Уктап, ойноп, интернет чукулап отурган депутаттар

Бөлүшүү:

Адамдар ар кандай абалда болот. Кээ бири жол жүрүп калат. Ооруп калышат. Кээде жөн гана ысыкка шалдырап уйку келет. Уйкунун ары жок. Бирок мамлекеттик маанилүү иштерди, элдин келечегин, тагдырын  чечип отурган жетекчилердин, депутаттардын уктап же уйкусурап отурганы элди кыжырлантат экен. Бир жуманын беш күнү жумуш күнү болгондон кийин мамлекеттик кызматкерлер ошол беш күнү кайдыгер болбой, уйкусурабай жакшы иштеп берүүлөрү керек. Ар бир күнү иш күнүнө, ар кандай жыйындарга алдын ала даярдануулары керек деп нааразы болгондор андан көп.

Ош шаарынын уйкудагы депутаттары

СнимокывапролСнимокватро

Өткөн жумада «Ынтымак» телеканалы Ош шаарынын жетекчилеринин стратегиялык планынын болжолун түзүү боюнча жыйындагы көрүнүштүн видеосун интернетке жарыялашты. Анда жетекчилердин айрымдары уктап отурат. Айрымдары уюлдук телефондорунан сулуу кыздардын сүрөттөрүн карап отурушат. Айрымдары берилүү менен ушакташууда. Бул видео интернет желелеринен тарап кеткен соң 40 миңден ашуун адам көрүптүр, жүздөгөн адамдар жетекчилерди жек көргөн өз пикирлерин узатышкан. Ош шаардык кеңешинин маалымат кызматы 13-июнда жыйынга төрага Жапар Ормоновдун толук катышпагандыгы боюнча түшүндүрмө берип актанып чыгышты.

 

“Одноклассники” социалдык тармагында отурган жалал-абаддык жетекчилер

Жакында эле Жалал-Абадда айыл чарба багыты боюнча облустук коллегия өтүп, анын көркүн “уйкучу” жана “одноклассники” соц.тармагында отурган жетекчилер ачкан. Коллегияга келген аймактардагы жетекчилердин айрымдары уктап калса, кээ бири “одноклассники” сайтынан футбол көрүүгө жетишишкен.
Облус жетекчи Жумагүл Эгембердиева жыйында уктап отурган жетекчини көрүп, сыртка чыгып бетин жууп келүүсүн талап кылды.

“Коллегия учурунда облуска келип алып уктасаңар жумуш ордуңарда эмне кылганыңар белгисиз. Ишиңерге кайдыгерлигиңер ушундайыңардан эле билинет”,-деп ачууланган Ж.Эгембердиева.

Эске салсак, өткөн жылдын жарым жыйынтыгы чыгарылган коллегия учурунда телефон ойноп, уктап калган жетекчилер 9 айдын жыйынтыгы менен Ж.Эгембердиевадан эскертүү алышкан.

 

Замира Кожобаева, Азаттык радиосунун кабарчысы: «Мамлекеттик кызматкерлердин чыныгы жүзү»

— Бул видео карапайым элдин төлөгөн салыгынын эсебинен жан баккан, кызматтык унаасын, телефондогу «узун шыйрак» кыздардын сүрөтүн көрүү мүмкүнчүлүгүн берген интернетин, кабинетин, мамлекетке пайдасынан зыяны арбын иш сапарларын ар кандай колдонгон атка минерлердин жүзү. Кызмат акыларын элдин эсебинен төлөтүп, уйку-соо арасында «иштеп жаткан» мамлекеттик кызматкерлердин чыныгы жүзү… Баракелде, «Ынтымак»!

 

Айбек Бузурманкулов, «Жаңы муун» жаштар кыймылынын өкүлү: «Кыскасы, балык башынан сасыйт»

Иш убагында уктап отурган, кайдыгер  депутаттарды,  мамлекеттик кызматкерлерди көп эле кезиктирип калам. Муну менен алар ишине кылган мамилесин, коомго болгон деңгээлдерин көргөзүп жатышат.

Жыйынтыгында мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч туулуп жатат.

Анткени качан гана анын кызматкерлери ишке берилүү менен иштегенде мамлекет  күчтүү болот. Азыр болсо эптеп эле айлык алышса болду. Уктап же интернет чукулоо менен алек. Анткени жетекчилери да жакшы көзөмөлдөбөйт. Талап койбойт. Иштин жыйынтыгын аныктаган так көрсөткүчтөр жок.

Кыскасы балык башынан сасыйт.

 

Бермет Наралиева, психолог: «Кызмат өтөөдөн мурун жеке маселелерин ойлошот»

– Негизи жашоого болгон умтулуу ички жана сырткы болуп экиге бөлүнөт.

Бир жумушту аткарууда эгер адамдын аң-сезимин ички умтулуу коштосо ал аткарган жумушун берилгендик менен жасап ишти аткарууда эргүү коштолот. Уйкусурабайт.

Эгерде аң-сезимде сырткы умтулуу коштосо ал адам жумушуна барды келди Балтабай болуп күн өткөнүнө маашыр болуп жүрө берет. Ал иштин айлыгын жана өз кызыкчылыгына керектүү нерселерин  колдонот. Ал иши аркылуу элге кызмат өтөөдөн көрө башка жеке көп маселелерин чечиши мүмкүн.

 

Марклен Табалдиев: «Кыргызстандын жашоосун аксаткандар»

-Жетекчилердин бул көрүнүшү бала бакчадагы балдардай эле көрүнөт. Балким жанагы акылы өспөй калган балдарды тарбиялоо борборуна да окшоштурсак болот.

Булардын биринде да Кыргызстандын келечегин оңдойлу деген ойлору жок, баарынын ойлору кайсыл жактан пайда көрсөм же уурдасам деген ойлор менен жүрүшөт. Ошол себептен Кыргызстандын жашоосу оңдолбой, өркүндөп өсө албай аксап турушат.

 

Уктаганы үчүн жазаланган министр

Өткөн жылдары айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин парламентте отуруп көзү илинип кеткени тартылган видео тасма коомчулукта чоң талкуу жаратты.

Бажы биримдиги боюнча маселе талкууланып жатканда парламент жыйынында үргүлөп отурган аткаминердин видеосу интернетке тарап, социалдык тармактарда талкуу жараткан. Интернет колдонуучулар бийлик өкүлүн сындап чыгышкан болчу. Видеодогу аткаминер, айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев ал күндөрү тумоолоп жатканына байланыштуу дары ичкенин, буга байланыштуу шайы ооп отурганын кабарлаган.

 

 Адам канча саат укташы керек?

Адистердин айтымында, жүрөк кан тамыр оорулары, инсульт, экинчи типтеги кант диабети уйкунун бузулуусунан улам келип чыгат. Гарвард университетинин окумуштуулары «кечкисин же түнкүсүн кирпик какпай иштөө адамдын ишмердүүлүк жөндөмүн азайтып, жашоодо ийгиликке жетишүүсүн басаңдатат» деген тыянак чыгарды.  Кеч жатып, аз уктаган кишилердин маанайы да төмөн болот дешет адистер. Алар уйкусу бузулган кишинин жалпы абалын алкоголдук ичимдикти көп ичип, мас болууга салыштырышат.

 

Бузулган уйкулар

Уйку бузулса адамдын жеке эле мээси эмес, жалпы саламаттыгы да жабыркайт. АКШнын Улуттук уйку фондунун адистери киши жок деген кеминде жети-тогуз саат укташы керек деген бүтүм чыгарган. Аталган фонд атайын изилдөө жүргүзүп, суткасына алты сааттан аз уктагандардын айынан АКШ жылына 63 миллиард доллар зыян тартып жатканын аныктаган. Talent Smart бирикмеси жакында эле бир миллиондон ашык кишини байкоого алып, алардын ичинен таланттуулары жана ийгиликтүүлөрүнүн 90 проценти уйку маалын бузбай эс алышаарын аныктаган.

Булак: “Жаңы агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: