Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, бүгүн, 25-июнда өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет.
26-июнда жана 27-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, ал эми күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 27-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
28-июнда да көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күндүн күркүрөшү, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. 29-июнда жаан-чачын кээ бир райондордо гана болушу мүмкүн. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ