Ысык-Көл облусунда жайгашкан Өзбекстандын пансионаттары Кыргызстандын карамгына өткөнүнө байланыштуу аталыштары өзгөртүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин башка тилде аталып келген пансионаттардын аталыштары кыргызчаланды. Ага ылайык, “Рохат” пансионаты – “Алтын жай”, “Дилором” пансионаты – “Эне-Сай”, “Золотые пески” пансионаты – “Бостери” деп аталды. Ал эми “Бустон” пансионатынын аты өзгөргөн жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ