Menu

Көчмөндөр оюндарында коопсуздукту сактоого төрт миңден ашуун милиция тартылат

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында  коопсуздукту сактоого төрт миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери жана эки миңден ашуун автотранспорт каражаттары тартылат. Бул тууралуу бүгүн аталган иш чарага даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штабдын отурумунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Жыйынга укук коргоо органдарынын жетекчилери менен тийиштүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө эл аралык маанидеги аталган иш чараны өткөрүүгө даярдыктарды көрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу чараларын дыкат карап чыгып, ишке ашыруу максатында укук коргоо жана тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.

Аны менен бирге  “Манас” Эл аралык аэропорту менен “Тамчы” аба майданындагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча деталдуу планды иштеп чыгуу, негизги унаа жолдору “Манас” аэропортунан  Бишкек шаарына жана Чолпон-Ата шаарына карай жолдордогу коопсуздуктун алдын алуу, иш чара өтүүчү аймактар менен обьетилерде коомдук тартипти жана  коопсуздукту көзөмөлгө алуу чараларын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: