Саясатчыларды сойкулар деп бекеринен айтышпаса керек. Ким жана кайсыл жагы ыңгайлуу болсо ошол жагына ооп кетишет эмеспи. 2010-жылы бактылуу өкмөт болуп бир нанды бөлүп жегендер азыр бири-бирин сатып, көчүктөрүнө суу куя башташты. АШАнын ишеничтүү досу Өмүрбек Текебаев өзү жазган Конституциясын коргоп ага каршы чыкты. Каршы чыкмак түгүл экөөнүн ортосундагы жигитче сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгарып, абийирин араандай ачты. Текебаевдин бул кылганы жигитчиликке жатабы деген суроо туулат. Эртең душмандар кол салса биринчилерден болуп качып кетчүлөр мына ушул саясатчылар экенин далилдеп койду. Кандай болгон күндө да Текебаев Атамбаев экөөнүн ортосундагы сырларды ачыкка чыгарбашы керек болчу. Конституциянын өзгөрүшүнө каршы гана далилдерди айтса болмок. Саясатта достук жок деген ушул да. Атамбаев эмне эле шоопуру Икрам Илмияновго ишене берет десе, саясатчы доско караганда шоопур дос сатпайт тура. Эми АШАнын багына Илмиянов аман болсун…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ