Өзбестандын Конституциясынын 96-беренесине ылайык өлкөнүн президентинин милдетин убактылуу Олий Мажлистин Сенатынын (парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Нигматилла Юлдашев аткарат. Бул тууралу “Фергана ньюс” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Конституциянын ушул эле беренесине ылайык Нигматилла Юлдашев 3 айдын ичинде өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүүгө тийиш.
Юлдашев Нигматилла Тулкинович Ташкен шаарында, 1962-жылдын 5-ноябрында туулган. 1985-жылы Ташкен мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Райондук прокуратурада тергөөчү болуп баштап, Өзбекстандын башкы прокурорунун орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн. Андан Өзбекстандын президентинин аппаратына которулган.
2011-жылы июнда Өзбекстандын Юстиция министри болуп дайындалган.
2015-жылы январда президент Ислам Каримовдун указы менен Олий Мажлиске сенатор болуп дайындалып, февраль айында Олий Мажлистин Сенатынын төрагасы болуп шайланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ