Кечээ, 2-сентябрь күнү саат 14:20 чамасында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлүүчү Кырчын жайлоосунда катуу нөшөрлөп жаап өткөн мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен колотко тигилген 30 боз үйдү сел каптаган. Бул тууралу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Тазалоо иштерине жергиликтүү элдер жана КР ӨКМнин 52 куткаруучусу техникалары менен кошо тартылган. Селден кийин сел өткөрүүчү арыктар казылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ