Menu

Сабыр Муканбетов, серепчи: Атамбаев ат куйругун кести!

Бөлүшүү:

Капилеттен пайда болгон референдум өткөрүү демилгеси магдырап, жайкы эс алууда жаткан саясатчыларды дүргүтүп, талаш-тартыш аренасына кызуу талкуу алып чыгып, демейде күздө башталуучу саясый турмуш эрте башталып, кыска мөөнөттө апогейине жетип, коом эки жаат болуп, кайым айтышып жатып калды.

Адегенде референдумга саясатчылар, коомдук ишмерлер, өкмөттүк эмес уюмдар каршы чыга башташты, алардын чаржайыт, көрүнгөн жерден тушкелди сайрап жатышы саздагы бакалардын чырылдагына окшоп, элге түшүнүксүз, эфектиси жокко эсе демилге сыяктуу элес берип жатты. Дал ошол учурда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери капталдан чыгып топ жарды. Өмүрбек Текебаевдин Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгышы саясый маалымат жымжырттыгын бузду. Анын бийликтин демилгесине каршы аргументтери чилде чыккандан бери тынымсыз ЖМКлардан жарыяланып, кылаарга иши, салаарга кушу жок, дем алууда ыксырап жаткандарга суудай сиңип, бийликке оппонироват этип жаткандардын катары калыңдап, бийликке каршылардын биригүү тенденциясы күч алды. “Атамекенчинин” рейтинги кескин көтөрүлүп, жадагалса Текебаевди көрөйүн деген көзү жоктор да мурунку ойлорун ичине катып, биргелешип аракетенүү керек экендигин моюндап, буга чейин “референдум өткөрүү керек” деп жүргөндөр да кылдан кыйкым издешип, долбоордун айрым беренелерин чукуламыш болуп, мазмунуна каршы экендигин кыйытышууда. Колун толгосо, кол коюп бере салган депутаттардын бир далайы да ыргылжың болуп, тетири кетүүгө дайындалып, айный баштаганы айтылууда.

Ошентип, күндөн күнгө кайым айтышуу күч алып бара жатат. Эки ортодо демилгечи делген депутаттар демин ичине катып, пассивдүүлүк көрсөтүп туруп алгандыктан, алар үчүн президенттин аппаратына айтышууга туура келди. Тегерек үстөлгө келген президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов сөздүн төркүнүн биротоло ачыктап, өлкө башчысынын артка кетпестигин айгинелеп салгандай болду. Коомчулук ичинде болсо, “демилгечилер да, авторлор да, президенттин айлана-чөйрөсүндөгүлөр экен, Атамбаев кеткенден кийин да бийликте калуу амалы, президент да өзү бийликтен кеткени менен партиясы, өзү дайындап кеткен адамдар аркылуу башкара бергиси келип жатат” деген аргументтерге ишеним арткандар арбып бараткандай.

Башмыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жаткандар болсо, туруктуулукту камсыз кылып, өнүгүүгө шарт түзүүнү көздөп жатышкандыктарын, бул аракеттер парламенттик системаны бекемдөө үчүн жасалып жаткандыгын жеткиликтүү түшүндүрө албай, оппонентери да белгилүү себептерден улам уккулары келбей жатышкандай.

Парламенттик өлкө – партиялардын атаандаштыгы, жеңген партия толук бийликти алып, калганы оппозициялык озуйпаны алуу аркылуу ишке ашырылаары айтпаса да түшүнүктүү… Бул жагынан алганда, өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын кеңейтип, президенттин мүмкүнчүлүктөрүн чектөө аркылуу шайлоодо эл ишенимине арзыган башкаруучу (жеңүүчү) партияга бийликти толугу менен өткөрүп берүү толук кандуу парламенттик системага өтүү катары бааланышы керек болчу. Бирок андай болгон жок.

Бүгүн бул өзгөртүүлөр, президенти, спикери, премьер-министри бар, күчтүү КСДПга арналып жазалып жаткансып, каршылык туудуруп жатканы менен, келечегинде, кийинки шайлоолордо жеңген башка партиялардын да толук кандуу башкаруу укугун колго алуу мүмкүнчүлүгүн шарттап жатканы талашсыз да?

Анда “президенттик эмес парламенттик система курабыз” дегендер эмне себептен бул демилгеге жапырт каршы чыгып жатышат? Анын себеби көп. Биринчиден, Атамбаевдин бийлигине, анын айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн кылык-жоругуна нааразычылыктардын көбөйүп кеткендиги жана КСДП артыкчылыктарын пайдалануу аркылуу, административдик ресурстарды колдонуп, бийликти узурпациялап, узак мөөнөткө бийликти басып алуу боюнча ишенбөөчүлүк бар. Экинчиден, көз карандысыздыкка жеткенден берки өткөрүлгөн шайлоолорго да ишеним жоктугу ага шыкак болууда. Үчүнчүдөн, азыркы бийлик үчүн күрөшүп жаткан саясатчылардын көбүнүн жашы өтүп баратат, 5-10 жылдык гана саясатка катышуу убактысы калгандыктан, жаңы Башмыйзамга ылайык, кайрадан эле бийликтин 10-20 жылдап бир колдо кала беришин күтө алышпайт. Төртүнчүдөн, революциялык соратниктердин таарынычы, ичкүйдүсү. Алар: “Авторитардык системага каршы бирге күрөшүп, бийликке биз алып келсек, анан бийликти биз менен кеңешип, биздин арабыздан тандабай, кашындагы бир-эки партиялаштарына, анан ар кимдин көчүгүн жалап жүргөн саткынчылар, мурунку бийликтин камчысын чаап, жүздөгөн азаматтардын өмүрүн забын кылгандар, уурулар, баңгизат менен шугулданып байыгандар менен, өз балдары арабакеч, сакчы, койчу деги, ашпозчу сыяктуу мамлекеттик кызыкчылыкты аркалай албай турган үй кызматкерлерине ыйгарганы жатканына, алар аркылуу бийликтен кетпей башкара берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону жаткандыгына жол бере албайбыз. Буларың мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкты түшүнбөйт, баркын билбейт, мындай планыңа каршы турабыз” деп жатышат.

Буга чейин жалпы коомчулук ичиндеги Башмыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы пикирлерге карата президенттин айлана-чөйрөсүндөгүлөр гана өз оюн билдирип келгендиктен, эл ичинде “анча-мынча сабаты барлардын баары эле каршы чыгып калды, балким процедураны сактоо үчүн деле талкуу мөөнөтүн узартып, артка жылдырып, кийинки жылга которобу?” деп тургандардын үмүтү көз карандысыздыктын 25 жылдыгына арналган салтанаттан кийин “жалп” өчтү өңдөнөт. Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө президент катуу кетип калгансыды. Бийликке алып келген үзөңгүлөш Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн ит-кушка, карга-кузгунга теңеп, катуу айыптап салды. Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүн көтөрө албай президиумдагы экс-президент Роза Отунбаева терс бурулуп баса берүүгө мажбур болду.

Көз карандысыздыгыбыздын 25 жылдык мааракесинде президент Алмазбек Атамбаев ачык сөзүн айтып, референдумду өткөзүп, Башмыйзамды өзү каалагандай өзгөртүү үчүн бекем турарын тастыктап, ага каршы тургандардын баарын, орусча айтканда послать этти. Кечээки катаал заманда ачуу-таттууну бирге татып, анын бийликке келишине Опол тоодой салымы бар, катарлаш, соратниктеринин баарын катуу айыптап, аларды жоопко тартууга дайын экенин, экинчи аларды бийликке жолотпой тургандыгын айтып, Атамбаев ат куйругун кести!

Ошентип, көз карандысыздык майрамыбызда эл билгилерибиз беткарашкыс эки тарапка бөлүнүп, бири-бирин уга турган түрлөрү жок. Эми кандай болот? Заман каат болуп, жер үстүндө зомбулук күчөп жаткан маалда ички, тышкы арам ойлууларга жем болуп, туруктуулук бузулуп, чаң-тополоңго түшүп калбайбызбы деген санаркоо күч.

Президенттин акыркы билдирүүлөрүнөн кийин каршы тараптар да активдешип, “курултай чакырабыз, референдумду өткөзбөйбүз, импичмент жарыялайбыз, мөөнөтүнөн мурун айдайбыз” деп күпүлдөшүп, билек түрүнө баштады. Алмазбек Атамбаев болсо “итерем” деп үстөмдүк кылып опурулуп жатат. Эми бул итермей кандай аяктап, Кудай кимисин колдоорун ким билет? Кадимки сексте астыңкысынын да, үстүңкүсүнүн да кумары канат. Бирок көбүнесе астыңкысы (итерилип атканы) аман калып, үстүңкүсү жабыркап, жүрөгү токтоп калмайы бар. Башкача айтканда, итериш үчүн духтан тышкары кубат керек. Анткени итерүү үчүн күч коротуп, интенсивдүү кыймыл аракет жасоо зарыл. Айтайын дегеним, итеришкендерин айынан тоз-тополоң түшүп калбасак болду. Ошондуктан, Кудайым “чагышкандарды” эмес, элибизге тынчтык берерин тилейли!

Сабыр Муканбетов

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: