Жалал-Абад облусунда 2016-жылдын 8-сентябрында саат 08:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 402-чакырымында оор жүр ташуучу Хово жана Ман үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.
Маалыматка караганда Ош областынын Кара-Суу районундагы Савай айылынын 1987- жылы туулган Ибрагимов Зайнабидин Адибидинович башкарып бара жаткан “МАН” автоунаасы мамлекеттик № В5572АI, айдоочунун жардамчысы Ош областындагы Кара-Суу районун Отуз-Адыр айылынын тургуну 1991-жылы туулган Хаджиматов Саипжан Сабирович болуп Ош тарапты көздөй келе жатып, Чүй облустунун Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылынын тургуну 1980-жылы туулган Дүйшөналиев Самат Бейшенбековичдин башкаруусундагы күйүүчү май ташыган ХОВО үлгүсүндөгү мамлекеттик № КGМ1349 автоунаасы менен кагылышып кеткен.
Кырсыка кабылган жарандар, Кара-Көл шаардык ооруканасына кайрылган. С.Хаджиматовдун оң колу, оң буту сынган, Дүйшөналиевичтин сол колу сынып ооруканага жаткырылган. Ал эми З.Ибрагимов абалы жакшы, медициналык жардамдан кийин ооруканага жаткан эмес.
Натыйжада негизги жол катамы жабылып калган.Абалды жөнгө салуу үчүн жол тейлөө ишканасынын 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 самосвал жана КР ӨКМнин 2-издөө куткаруу отрядынын 9 куткаруучулары КР ӨКМнин 94-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып унаа жолу ачылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ