Menu

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор: “31-августта Отунбаева, катын киши эркек кишиге теңелбей унчукпай басып кетип калды. Бул деген “сен катындан да жаман экенсиң” дегендик да”

Бөлүшүү:

-Азимбек мырза, өзбектер күч менен басып олтурган Унгар-Тоо боюнча президентке кайрылуу жасап, “мага уруксат берсеңиз ала допучан туугандарды кууп түшөм” деп айттыңыз. Өзбектер болсо Унгар-Тоону биздин аймак деп жарыялашты. Кууп түшкөндөн башка арга калбай калдыбы?

Унгар-Тоону өзбектер биздин аймак деп жарыялады. Ага биздин бийлик негиз берип койду. Темир Сариевдин 2015-жылдын ноябрь айындагы Унгар-Тоонун чокусу Өзбекстандыкы деген протоколу бар. Ошол чокудагы радиорелейдик станцияны башка чокуга которгула деп Кербен шаардык кеңешине кат жазган. Ушунун өзү эле эң чоң катачылык. Себеби, кыргыз-өзбек чек арасы али чечиле элек. Ал качан эки республиканын президенттери келишимге кол коюп, Жогорку Кеңеш ратификациялаганда гана чечилет. Азыр президенттер эмес, Өкмөт башчылары да кол койгон келишим жок. Протоколдор болсо Өкмөттүк же облустук деңгээлдеги эле кагаздар. Бирок, тарыхый, юридикалык документтер боюнча Унгар-Тоо Кыргызстандыкы. Атамзамандан бери биз колдонуп келебиз. 91-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан бири-бирин эгемендүү мамлекетпиз деп суверендүүлүгүн тааныганда, ушул аймак менен бири-бирибизди тааныйбыз деген. Демек, бүгүн талаш жок, ал жер Кыргызстандыкы. Азыр Өзбекстан биздики деп талашып жатканынын себеби, 25 жылдан бери Кыргызстан бир метр жер боюнча маселе коё албагандыгынан улам болуп жатат. Мен алыс кетпейин, Өзбекстан 3 этап менен Аксыга кирди. Биринчиси, Хозреша аркылуу  жолубуз  өтчү. Ал жерди туугандар жаап койду эле Кызыл-Алманын белине чыктык. Ал жерге да чыгып алыштыбы. Эми болсо Унгар-Тоого чыгып атат. Унгар-Тоону алдырып койсок, андан кийин алар Кызыл-Алманын чокусун, Жийденин белин, Бүргөндүнүн чокусун биздики деп чыгышат. Биз ошого жол түзүп коёбуз. Эл аралык юридикалык документ боюнча Унгар-Тоо биздики. Өзбектер биздики деп айтканга алардын колунда эч кандай документ жок. 31-августта мен Атамбаевге кайрылдым. Сен башкы командачысың, тышкы саясатты аныктаган адамсың, Коргоо кеңешинин төрагасысың, колуңдан келбесе Унгар-Тоо боюнча мага ырасмий түрдө ыйгарым укук бер, мен элдик кошун менен бошотоюн десем, бул согушканы жатат деп чыгышты. Башка эмне аргабыз калды? Өзү эч нерсе кыла албаса укукту бизге берсин! Аксынын эли өзүбүз бошотуп алабыз!  Албетте, бул арга жоктон айтылган сөз да. Анан эмне жерибизди тарттырып коюп олтура беребизби?

Документти карап олтурбай вертолёт менен келип эле басып алышпадыбы?

-Муну басып алды дейт. Мен ошол үчүн президентке кайрылдым да. Чыныгы көчмөн эл өзүнүн жерин жоого бастыртып коюп Кырчын жайлоосунда ат чабыш көрбөйт, той өткөрбөйт. Президент баш болуп оюн көрүп олтургандар чыныгы көчмөн элдин тукуму эмес. Алар сарт көчмөндөр же калмак көчмөндөрдүн тукумдарынан болсо керек. 22-августтан бери биздин жерди коңшу өлкө басып олтурат. Парламент кезексиз жыйын өткөргөндүн ордуна эс алуудан келди да кайра эле эс алганы тарап кетишти. Өзүн-өзү урматтаган мамлекетте мындайга жол бербейт эле. Бул парламенттин өз элине жасаган чыккынчылыгы деп билем. Ошондон улам бул бийлик Унгар-Тоону берип койсо керек деп айтып жатам. Биздики деп талашкандын ордуна, буга Бакиев, Жекшенкулов күнөөлүү деп КТРден кечке чейин берип, коомчулуктун аң-сезимине ынаным киргизип жатат. “Кумтөрдү” да ушинтип эле олтурат. Акаев, Танаев коррупциялык схемага кол коюп койгон экен дейт да, бирок өздөрү ошол схема менен иштетип  жатат.

Бийлик жер үчүн күйбөсө, эл өзү бошотобуз деп чыкса кандай абал түзүлөрүн элестетиш кыйын го?

Күч органдардын ал жерди бошотууга күчү жетет. Мен бир нечеси менен сүйлөштүм. Күчүбүз жетет деп айтышты. Бирок, башкы командачы тарабынан буйрук болбой жатат. Ошол жерде чек араны караган чекарачы жок. Ал жерге жок дегенде бир ротаны алып барып коюп койсо болот болчу. Унгар-Тоодо бир нече телемунаралар, уюлдук  байлыныштын станциялары бар. Алар стратегиялык объектилер. Мен эл менен жолугуп келгенден кийин кайрылуу жасадым. Жогорку Кеңешке Сариевдин токтомуна окшогон документтердин баарын жокко чыгарып, Өзбекстанга биз 1992-жылдагы келишимди карманабыз да, калган протоколдорду тааныбайбыз, жокко чыгардык деп нота жибергиле дедим. Ошондон кийин Унгар-Тоону өзүбүзгө алуу боюнча адекваттуу чараларды көрүш керек. Күч колдонсо биз да күч колдонууга чейин барыш керек. Парламент 12-сентябрга чейин эс алууга кетип, президент болсо ат чабыш көрүп олтурганы, алар үчүн Кыргызстандын бүт аймагын башка бирөө басып алса да кылы кыйшайбай турганын далилдеп койду.  Мен Кыргызстандын жараны катары Конституция боюнча Ата-Мекенимди коргоого милдеттүүмүн. Андыктан Конституциядан четке чыккан жокмун.  12-сентябрга чейин күтөбүз. Эгер анда дагы бир чечим кылбаса, элдик курултай өткөрүп, чечим кабыл алып, ошого жараша иш кылабыз.

-Сиз Аксыга барганыңызда күч түзүмдөрү аңдып жүрүшүптүр. Ошол сиздин аркаңыздан акмалап жүргөн коопсуздук кызматынын, милиция кызматкерлерин чек араны кайтартып койгондо өзбектер басып кире алмак эмес да…

-Мен ушул сөздү ИИМ министринин орун басары Курсан Асановго, УКМКнын биринчи орун басары Дүйшөн Чоткараевге да айттым. Асановго “Аксыга келгендер президент болот же Сариевге окшоп кызматтан куулуп кетет. түзүк баласың, Ошто кан кечип жүрдүң эле. Мени менен кучакташып учурашканыңды сүрөткө тартып алышты. Сен да куулуп кетпе. Кел, элден бата алып берейин” деп элден бата алып бердим.  Чокуда олтургандарды тазалачы? – деп сурандым. “Мага буйрук берсе тазалаймынбы” деди. Көрсө, алар мени кайтарып барышыптыр.

-Сиз өзүм эле кууп түшөм дейсиз. Бирок, ал жерге барганда өзбектер “хоп, Азике энди биз кетамиз” деп жыйынып кетип калбайт да. Куралдуу басып кирип, биздин аймак деп аткандан кийин сөзсүз ок атышат. Андан кийин не болот?

-Улуу Ата-Мекендик согуштар эмнеден улам болду эле? жан-жаныбарлар эмне үчүн кармашат? Жер үчүн, аймак үчүн күрөшөт. Өзбекстан дагы тобокелчиликке барып аймагын кеңейтин жатат. Биз кыргыздар Үзөңгү-Куушту “ажыдаар бизди жеп коёт” деп кытайга карматтык, казактар кудабыз экен деп Каркыраны берип койдук. Эми жаңжал болуп кетет деп Унгар-Тоону беребизби? Алыс кетпейли, азыр Россия менен Украинанын ортосундагы мамиле эмне үчүн болуп жатат?  Эмне орустарга жер жетпей жатабы? Баардык жерде Мекен үчүн, үй үчүн күрөш болот. Өзбектер бизди көздөй атса, биз да атабыз. Мекен үчүн күрөшөбүз, өлсө өлөбүз. Мамлекеттик чоң менчикти перехват кылып алып, же болбосо бийлик талашып, тосмону ашып өлгүчө, Унгар-Тоо үчүн өлсөк артыгыраак болот. Өзбектер кармап кеткен төрт адамды жөнөкөй адамдар чыгара албайбыз. Мал кирип кетсе чыгара албай жатабыз да, адамды кантип чыгара алмак элек. Бийлик күчтүү болсо жарандарды жөн эле чыгарып алса болмок. Кептин баары алты жылдан бери Ташкент Атамбаевдин бийлигин тааныган жок да. Теңата сүйлөшө алган жокпуз. Жадакалса Текебаев да “6 жылда бир метр жерди да чече алган жокпуз” дебедиби. Жер үчүн ыйлаган Бекназаров эл бузар, канга тойбогон  адам да, Мекенди четинен кертип саткандар “Улуу” адамдар, экс-президенттер, президенттер, акылдуу адамдар.

-Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын майрамдаган күнү досуңуз Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн катуу сындап жиберди. Сиз досуңуздун айткан сөздөрүнүн түпкү маанисин кандай түшүндүңүз?

-Ошол сөздөр айтылып жатканда Отунбаева туруп басып кеткенде эле ушундан өткөн жооп болобу деп түшүндүм. Катын киши эркек кишиге теңелбей унчукпай басып кетип калды. Бул деген “сен катындан да жаман экенсиң” дегендик да. Муну  Атамбаевдин утулушу деп түшүнсө болот.

-Отунбаевадан сырткары Батыровду бошотуп жибергендер, ячейка боюнча, морадерчулар жазаланат деп катуу кетпедиби? Көп жылдан бери банктагы ячейкалар боюнча сизди сындап келишет. Яейкадагы акчаларга колуңуз тийди беле?

-6 жылдан бери жазалабайт беле. Койгулачы эми, президенттен кетип жатып жазалайбы? Ячейкадан акчаларды алып келип бөлгөн Сариев премьер-министр болду го. Ал кишинин сүйлөгөнүн биринчи жолу көрүп жатасыңарбы. Ячейканын видеосу, тыйынына чейин эсептелгени кылмыш иште турат. Алып карай берсин. Ошол ишке аралашсам эбак эле мени алып барып камап салмак болчу.

-Майрам күнү эмне үчүн президент Отунбаева менен Текебаевге басым кылып сүйлөдү? Аларды коркуттубу?

-Майрамдын алдында Убактылуу Өкмөттүн 9 мүчөсү “Сен Конституцияны өзгөртүп, узурпацияга жол бергениң туура эмес” деп кайрылуу жасадык. Ал ошого чычалап, мени колдобой, саясатыма каршы болуп жатасың деп жатат. 2020-жылга чейин өзгөртүү болбосун дегенде Атамбаевдин өзүнүн да колу бар. Каршы болгон эмес. Ошондо каршы болгонун уктуңар беле. Бүгүн болсо “ошол учурда кыз болчумун, азыр да кызмын” дегендей болуп жатат. Ошол кезде Атамбаев эмес, мен 1993-жылдагы Конституцияга кайрылалы деп долбоор жазып кайрылгам. Менин долбоорум өткөн эмес. Атамбаевдин бир жолу өзүнүн сунушун бергенин көргөн эмесмин.

-Отунбаеванын дарегине “сени эл президент катары шайлаган эмес” деп ачык айтылбадыбы. Референдум өткөндө Отунбаева президент болчу талапкер катары бюллетенде жазылбаганы чындык да. Чычалаган менен президенттин сөзүндө чындык бар экенин моюнга алыш керек го? Атамбаев бул жерде чындыкты эми айтып жаткандай болду. Отунбаеваны эл шайлаган эмес да.

-Азыркы Конституциянын этегинде өткөөл мезгилдин президенти да референдумга коюлган. Референдум болгондо Конституциянын долбооруна макулсуңбу же жокпу деген гана коюлат. Долбоордун этегинде эки мыйзам да Конституциянын ажырагыз бөлүгү катары тиркелген. Бирөөсү Конституцияны күчүнө киргизүү мыйзамы. Экинчиси, өткөөл мезгилдин президенти жөнүндө. Ал жерде Отунбаеванын фамилиясы менен 2011-жылдын 31-декабрына чейин деген мөөнөтү да жазылган.

-Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болбой калмак. Азике Убактылуу Өкмөттөгү саруулардын күчү менен Отунбаеваны президент кылып койгон деген сөздөрдү уккан элем. Чындыгында Бакиевдин бийлигин кетирүүдө Атамбаевдин орду чоң да. Ошондо эле сиз болбосоңуз Отунбаеванын ордуна Атамбаев президент болмок эле. Туурабы?

-Бул Атамбаевдин чыгарган сөзү. Ал мага таарынып, душман болуп жүргөнү да так ошондон. Ошондо эле Атамбаев “Саруулар биригип кеттиңер. БЭКтин төрагасы мен болсом, революция менин акчама жасалса, силер Отунбаеваны президент коюп койдуңар” деп айткан. Атамбаев “Сени эч ким шайлаган эмес” деп айтканы менен Отунбаеванын жарлыгы менен президенттик шайлоого барбадыбы. Мен эл шайлабаган президенттин жарлыгы менен шайлоого барбайм деп барбай койбойт беле? Филармонияда бийликти ошонун колунан албады беле?    Эгер Атамбаев Отунбаеваны президент катары тааныбаса эмне үчүн анда ага экс-президент деп Указы менен айлык чыгарып, резиденцияда жашатып жатат? Өзү Отунбаеванын президент эмес экенин билип туруп, ага айлык чыгарганы, резиденциядан үй  бергени, коопсуздугун камсыз кылганы үчүн Атамбаев жооп берсин? Мамлекеттин казынасынан 6 жылда Отунбаевага канча акча сарпталса Указ чыгарган өзү казынага төлөсүн.

Текебаев менен Атамбаевдин ортосунан кайсыл кара мышык аттап жүрөт? Экөө дээрлик бир командада эмес беле. Атамбаев Келдибековду, Бабановду жана башкаларды ал десе беркиси алып түшүп атты дегендей…

-Конституциялык реформа кылабыз дегенде Атамбаев Текебаев менен сүйлөшпөй койду. Так айтканда Текебаевди кошпой койду эле Текебаев ошого теригип кетти. Кара мышык ошол эле. Акаев, Бакиев деле элдик референдум аркылуу мыйзамсыз Конституцияга өзгөртүү киргизип келген. Атамбаев деле кетеримде “уруп” коёюн деп чечти да. Мен бул процесске анчалык деле көңүл бурбайм. Себеби, биз баш-аягы Конституцияны 12 жолу өзгөрттүк. Бул да ошонун бирөөсү. Атамбаевден кийин дагы бирөө келет да, ал дагы өзгөртөт. Мекенди алдырып койсок аны кайра өзгөртө албайбыз. Бул башка маселе. Унгар-Тоонун чокусу бүтүндөй Фергана өрөөнүнө, керек болсо Ташкентке чейин спутник болуп берет.

-Кадыржан Батыровго окшогон сепаратисттерди чыгаргандарды жазага тартабыз деп кимге тийишти? Кайсыл Убактылуу Өкмөттүн мүчөсүнүн жардамы менен алар чыгып кеткен? Президент көчөдөгү катын ушакка таянбаса керек?

-Сепаратисттер чыгып кеткен болсо, Атамбаев ошондой сепаратисттик жаңжалды караган комиссиянын төрагасы болгон. Күч органдарынын баары комиссиянын мүчөсү эле. Эгер ошондой болсо биринчи кезекте өзү жоопко тартылышы керек. Киммо Кильюнен баштаган эл аралык комиссия “Атамбаев 2010-жылдын 21-апрелинен бери ушундай жаңжалдын алдын ала турган атайын Убактылуу Өкмөттүн декрети менен комиссиянын төрагасы болуп туруп да, шаар өрттөнүп, канга чыланып калганда дагы бир жолу Ошко барган эмес, бир да жолу чогулуш өткөрбөгөн” деп жыйынтык чыгарган. Жалал-Абадда мен кармай албай, кууп жүрсөм, Атамбаев Бишкекте Кадыржан Батыровдорду кабыл алып олтурган. Артынан келип “Биз кармай албай кууп жүрөбүз, силер болсо кабыл алып олтурасыңар” деп Отунбаеваны урушкам. Ушунун айынан Убактылуу Өкмөттүн ичинде чоң жаңжал болгон. Роза Исаковна таарынып “Бирөөң кабыл ал, экинчиң кабыл алба дейсиңер. Тойдум силерге” деп эшикке чыга качкан күндөр болгон. 18-майда Батыровду кармай албай, артынан кууп келсем, Отунбаева кабыл алды деп айтышты. Отунбаевага кирсем “Атамбаев кабыл ал дегенинен кабыл алдым” деди. Бир эле Батыровду эмес, он чакты өзбекти кабыл алган.  Муну Атамбаев жакшы билет. Президент ушинтип айтты деп трагедия кылбай эле коёлучу. Трагедия кылсак кыргыздын жери болгон Унгар-Тоону өзбектер бизди улут катары тоготпой басып олтурганы трагедия. Көчмөндөр оюндарын ырахаттанып көрүп олтурбай, жерибизди, жарандарыбызды кантип бошотобуз деп баш оорутушубуз керек эле. Кербенде эл менен жолукканда саясий элитаны күнөөлөдүм эле, бүгүн да күнөөлөйм. Конституциялык реформа, Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү деп тегерек үстөл өткөрүп жатышат да, Уңгар-Тоо боюнча баш ооруткан жок.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы-Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: