Түркмөнстан парламенти жаңы Конституция кабыл алды. Ага ылайык, президентикке шайлануу үчүн белгиленген курактык чектөө алынып, президенттин ыйгарым укуктары беш жылдан жети жылга чейин узартылды. Жаңы мыйзам өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов шаршемби күнү кол койгондон кийин күчүнө кирди.
2008-жылы кабыл алынган Конституцияда президент болуп шайлануу үчүн 70 жаштык чектөө белгиленген. Баш мыйзамдын жаңы редакциясында «70 жаштан жогору эмес» деген сөздөр алынып салынган.
Түркмөнстанда кезектеги президенттик шайлоо 2017-жылга белгиленген. Өлкөнүн 59 жаштагы азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов бийликте 2007-жылдан бери турат. Ал 2012-жылы экинчи мөөнөткө шайланган.
ЕККУ Конституцияга киргизилген айрым өзгөртүүлөрдү, анын ичинде адилеттүү соттук териштирүүлөр кепилдигине байланышкан бөлүгүн жактырды. Ошол эле маалда уюм «диний же улуттук белгисине карап» партияларга тыюу салууну сынга алып, президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартпоону сунуштады.
Human Rights Watch укук коргоо уюму Түркмөнстанда дүйнө боюнча эң эле катаал режим өкүм сүрөт деп эсептейт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ