Жогорку Кеңештин жалындуу жаш депутаттарынын бири Тазабек Икрамов баш мыйзамды өзгөртүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын кыргыз тилинде сүйлөөсүн милдеттендирүү керектигин айтып чыкты. Албетте буга киргиздер, орус шовинисттери кызылдай каршы чыгып, “бул жарандарды бөлүп-жаруу, “адам укугун тебелөө” деп айкырып чыгып жатышат. Бирок депутаттын демилгесинде данек бар экени анык. Антпесек, өз элибизде, өз жерибизде туруп кыргыз тилинин кадырын көтөрө албай улам артка чоюп, “акырындык менен баралы” деп отуруп ушул күнгө жеттик. Бала бакчалар, мектептерди карайлы, көпчүлүгү орус класстардын санын арбытып, балдарыбыз эне тилин жерий баштады. Ушинтип отурсак дагы 10-15 жылдан кийин кыргыз элин кыргыздар башкарбай, келечегибизди өзүбүз талкалайбызбы?! Андан көрө Тазакенин айтканын колдоп, кыргыз тилинин тагдырын бир жаңсыл кылганыбыз оң.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ