КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурда КР Өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурунку бөлүм башчысы Алтынбек Муралиевдин ишин карап, аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратты. Алтынбек Муралиев мурунку КР премьер-министри Амангелди Муралиевдин уулу.
Алтынбек Муралиевге КР Кылмыш-Жаза кодексинин 292 беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 292-беренеси (Мамлекетке чыккынчылык кылуу) менен айыпталып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги шартта 22 жылга эркинен ажыратты. Ага чейин райондук сот 12 жылга эркинен ажыратканда, чечим менен макул эмес экендигин билдирип, жогорку инстанцияга кайрылган эле.
Муралиев мындан эки жыл мурда, 2014-жылдын ноябрь айында чет мамлекетке качып чыгуу аракетин жасаар алдында кармалган. Ал чет өлкөгө жашыруун маалыматтарды берип турган деген айып тагылган.
Булак: ПолитКлиника
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ