Коалициядан «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары чыкканы калганына сүйүнгөн Өмүрбек Бабанов тагдырдын өгөй баласындай болсо да, болбой эле президентке кошомат кылуу менен жакындаганы байкалууда. Эки фракция чыгып кетсе, РАЖ коалицияга кирүүгө ынтызар. Түпкүлүгүндө Бабанов кандай да болбосун Атамбаевдин колтугуна кирүүгө, керек болсо бийликтин президенттик шайлоого талапкери катары чыгууга бар күчүн жумшоодо. Мындай ниетин аз күн мурун кесиптеши Канат Исаевге да жашырбай: «Каке, Атамбаевдин эптеп көңүлүн таап, бийликтин бирдиктүү талапкери катары чыксам болобу? Шеф мени колдосо, президент болом. Анан кийинки саясатты чогуу кылабыз да. Бири-бирибизди колдойлу, досум?!» деп алтын шилекейин чачыратат. Кырс мүнөздүү Канат мырза: «Алмазбек Шаршенович сага ишенбейт, эртең алдап кетесиң да!» деп оозун басыптыр. Мындайча айтканда, Бабановдун үмүтүнө суу сепкендей эле сокку жасаптыр да.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ