Menu

Алмаз Кулжанов, Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери: “Тырмак кайра өсүп чыкканча чуу болгон”

Бөлүшүү:

Кудай балдарга оору бербесин. Бала ооруса ата-эненин жаны кошо ооруйт эмеспи. Кырсык каш-кабактын ортосунда деп айтылат кыргызда. Ошондой ар кандай кырсыктын натыйжасында жабыркаган балдарды өздөрүнүн тажрыйбалуулугу, камкордугу менен иш алып барган Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнүн врачтары менен маек курдук.

– Кесиптин оорчулук жагы, оош-кыйыш жактарын  айтып берсеңиз?

– Эми ар бир кесиптин жакшы жактары, жаман жактары болот экен. Биз  жаман жагына көп маани бербейбиз.  Кичине балдардын ден соолугуна кам көрүп, жардам берсек экен деп жүрөбүз да.  Кээде балдардын ата-энеси менен ортодо түшүнбөстүктөр да болот. Айлык маянанын аздыгына карабай деле иштеп жүрөбүз.

– Мамлекет тарабынан жардамдар болобу?

– Мамлекет тарабынан жардам  берилип эле жатат. Балдардын дары-дармеги  берилет. Кээде кем-карчы деле болот. Эми ансыз  болбойт да. Жалпысынан  убагында жакшы эле кам көрүлөт.

– Оңдоо иштери жүрүп жатыптыр…

– Ооба  оңдоо иштери жүрүп, биздин жетекчилик тараптан колдоо болуп, профессорубуз, башкы дарыгер Өмүрбеков Талант Рыскуловичтин жардамы аркасында жасалып жатат.

– Көп жылдан бери иштеп келе жатыптырсыз, эсиңизде кала турган окуялар болобу?

– Албетте андай окуялар болот. Менин эсимде сакталып калган эки окуя бар.  Мындан эки жыл мурун  жол кырсыгы болуп, төрт баланы автоунаа сүзүп кетип, ошондо мен кабыл алган эки кыздын бирөө чарчап калды.  Дал ошол күнү анын туулган күнү болчу. Мына ошол окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. Айтыш кыйын… Мындай учурларда ата-энелер тараптан силер жакшы карабай өлтүрүп салдыңар деген сөздөр болот. Жаман болобуз, атайын карабай өлтүрүп койгондой сезишет. Экинчиси, мен жаңы иштеген жылдары бир орус келин сабиз кесип жатып баласынын колун кестирип алып, бизге алып келген. Мен анын тырмагын алып таштаган элем. Сен баламдын тырмагын алып койдуң деп өтө чоң ызы-чуу салган. Тырмак кайра өсүп чыкканча чуу болгон. Ал окуянын өткөнүнө андан бери он алты жыл болсо да эсимде сакталып жүрөт. Андан сырткары деле майда окуялар боло берет.

– Кадр маселеси кандай?

– Бизде кадр маселеси  жетиштүү эле. Кээде врачтар деле ооруйт да, андайда жетишпей калган учурларыбыз болот.

– Азыр сиздерге практиканттар,  жаңы кадрлар келип жатышпайбы, кандай даярдык менен келишет?

– Даярдык жакшы. Болгон билимди алышат, бирок ошол адамдын дээринде болсо иштеп кетүүгө неге болбосун… Бир нерсе  үйрөнөлү деп күнү-түнү ушул жерде жүрүшөт. Бизде деле убагында ушундай болгон.  Учкаштыңбы түшө качпа дейт го, ал сыңары баштаган иштин аягына татыктуу чыгуу керек. Өзүңөр көрүп жаткандай жакшынакай иштеп жүрүшөт. Кыргызча, орусча сүйлөшөт. Мамлекеттик тил болгон соң сүйлөш керек. Кыргыз  тилине өтө баштадык. Толук кыргызчага өтүү медицинада өтө кыйын экен.

– Сынык-жаракат деп жатпайбызбы, ошону алдын алуу үчүн  кандай  кеңештерди бересиз?

– Баарыбызда  эле бала бар да. Ар кандай  кырсыктар болот. Балдарга ата-энелер көбүрөөк кам көрсө. Балдардын бирөө тентек, бирөө жоош болот. Мындай кыл, тигиндей кыл деп айта албайбыз. Биздин тилегибиз – балдардын ден соолугу чың болуп эле, ата-эненин кабак-кашы  бүркөлбөй, көз жашы төгүлбөсө.

– Өзүңүз жөнүндө айтып өтсөңүз?

– Ысык-Көл областынын Жети-өгүз районунан болом. Институтту бүткөндөн бери эле ушул жерде эмгектенип келем.  Ушул кесипти аркалап жүргөнүмө 18 жыл болуп калды.

Келдибеков Руслан Ишеналиевич, Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын сынык- жаракат бөлүмүнүн бөлүм башчысы:

– Балдардын  сынык-жаракат оорулары  тууралуу айта турган болсок,  жол кырсыгынан жаракат алгандар өтө көбөйүп кетти. Көпчүлүгүн автоунаа коюп кетет, буга ачык айтканда  балдардын өздөрү күнөөлү. Жол эрежесин билишпейт. Атайын даярдалган жолдордон эмес, башка жерлерден өтүшөт. Мындай учурда айдоочулар токтотууга үлгүрө албай калышат.  Мектептен ушундай жол эрежеси тууралуу көбүрөөк үйрөтүшүп,  жол чырактын кайсынысы күйгөндө өтүү керек экендиги тууралуу кеңири түшүндүрүп, ата-энелери да кам көрүшсө деп ойлойм.  Кырсыктардын  көп болушунун экинчи себеби  машиналар да көбөйүп кетпедиби…

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: