Menu

Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог: Айыкпаган оору жок, айыкпаган адам бар

Бөлүшүү:

“Асман плюс” гезитине жарыяланып жаткан менин макалаларымды окуган адамдардан ар кандай көп суроолор келет. Бүгүн айрым окурмандарыбыздан келген суроолорго жооп берейин.

– Көпчүлүк  адамдар өзүнүн жашоодогу кыйынчылыктарын бүгүнкү заманга шылтап жатышпайбы. Сиз аларга кошулаар белеңиз? Дегеле, адам өзүнүн туура жолун тапса болобу? Эгер  болсо, кантип?

Ой күчтүү энергия

– Адам баласын жаратканда эле Кудай алардын ар бирине жөндөм, талантты кошо жаратат экен. Парапсихология илими боюнча айтсак, ар бир адам баласы кандайдыр бир миссияны аткаруу үчүн келет. Ошол миссияга жараша жөндөм берет. Мисалы менин өмүрдөгү миссиям-чыгармачылык жана профессионалдуу элдик медицина боюнча иштерди аткарып, адамдарга жардам берүү. Эгерде адам өзү жасаган ишинен баар таап, ырахат алса, анда ал жашоодогу өз  миссиясын аткарган болот. Миссиясы туура аткарылган болсо, анда ал адам өзүнө эле эмес сөзсүз башка адамдарга да жардам бере алат. Адам баласы жашоодогу ордун, жолун туура тапса, анда аны ийгилик, байлык, ден-соолук ар дайым коштоп жүрөт. Ошондуктан адам өз тагдырын өзү жасайт жана өзү жооптуу деген сөз бар.  Ар ким өз жан дүйнөсүн уга билсе эч жаңылбас эле. Өзүнүн жаман жашоосун, тагдырын,  же ооруганын эч качан башкаларга шылтабаш керек жана күнөөнү башкадан издебеш керек. Кудайдын деле өзүнүн мыйзамдары бар да, мисалы, ууру кылба, ушак сүйлөбө, бирөөгө жамандык каалаба, ата-энени сыйла, бирөөнүн маңдай тери менен тапкан эмгегин жебе, адам өлтүрбө, калп айтпа ж.б. Бирөөлөрдүн көрө албастыгы, нааразычылыгы же каргышы, көзү, сөзү тийсе деле адамдын жашоосунун өзгөрүшүнө шарт түзөт. Бул нерселер дагы адамдын энергиясынын сапатына байланыштуу. А энергиянын сапаты ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Эгер адамда терс энергия көп болсо терс көрүнүштөгү окуяларга кезигет. Эгер энергиясы оң, сапаты бийик болсо адамдын ден-соолугу да чың болуп, иштерин ийгилик коштоп, бакубат жашоодо жашайт. Албетте, адам баласынын жалпы жашоосунун жакшы болушу жашап жаткан чөйрөгө жана  ааламдагы жер, суу, аба, от, эфир (Кудайдын энергиясы) стихияларына дагы байланыштуу.

– Жогоруда оң жана терс энергия деп айтып өттүңүз, ошол энергия талаалары аркылуу кеңири маалымат берип өтсөңүз…

– Адам баласынын денесин каптап турган янь (оң) жана инь (терс) деген энергиялардын эки түрү болот. Ушул эки энергиянын көбөйүп же азайып кетиши ооруларга, турмуш- тиричиликтеги тоскоолдуктарга же жетишкендиктерге, адам тагдырындагы оош-кыйыштарга дуушар кылат. Адамдын энергетикалык денесинде 7 чакра жайгашкан. Жетөөнүн ар биринин аткарган функциясы өзүнчө. Ушул чакралардын функциясынын бузулушу да адамдын жашоосунун өзгөрүшүнө шарт түзөт. Адам эмне себептен ооруйт? Биз бул суроого жооп издеп көрөлүчү. Илимий тилде алганда жогоруда айтылган оң жана терс энергиялардын ортосундагы гармониянын бузулушу ар кандай оорулардын чыгышына алып келет. Биз жана айтпадыкпы, оорулар терс ойлордон, туура эмес жүрүм- турумдан келип чыгат деп. Биз ойлоп жаткан ойдун өзү эле күчтүү энергия болуп эсептелет. Эгерде ар дайым жакшы ойлорду ойлоп жүрсөң, анда жолуң да жакшы болот. Тескерисинче, оюң жаман болуп же наалып, кабагыңды бүркөп, кимдир бирөөлөргө дооматыңды арта берсең эртеңки күнү андан да төмөн турган жашоого туш келишиң ыктымал. Илгертеден айтылып келген «Жан дүйнөң жакыр болсо, жашооң такыр болот» деп.

Ою тазанын бою таза”, “Эмне эксең ошону аласың”, “Жакшылыкка жакшылык, жамандыкка жамандык” деген кептердин түпкү мааниси парапсихология илимине барып такалат. Мына ошол нерсенин баарын адам ар дайым эсине сактап, Кудайдын мыйзамдарын бузбай жашаса жашоосу жакшы болот.

–  Сиздин эниоинженер деген да кесибиңиз бар экен. Бул кесипти деле биз жеткиликтүү түшүнө бербейт экенбиз…

– Туура, Кыргызстанда “көзү ачык” деген гана бир беткей түшүнүк кеңири тараган. Бирок, ал көзү ачыктардын кимиси кандай күчкө ээ  экендигин көпчүлүк биле бербейт. Мен парапсихология илимин 10 жылдан ашык  окуп, адам баласына белгисиз сырлар тууралуу билүүгө көп аракеттерди жумшадым. Албетте, бардыгына жетиштим деп айтуудан алысмын. Парапсихологияны окуу үчүн бир өмүр дагы жетпей калышы мүмкүн. Ошентсе дагы эниоинженер катары адамдарга жардам берип, окуучуларымды тарбиялап келатам. Эми эниоинженер эмне иш кылат? Жогорку космосто маалымат талаасы жайгашкан. Эниоинженерлер ошол космостон келген энергия менен иштейт. Бул кесип өтө көп тармактуу. Бир эле учурда парапсихолог, космо-энергет, био-энергет, элдик дарыгер жана бир эле адам баласынын гана эмес бүтүндөй эл жашаган чөйрөнүн энергиясын дагы жолго салууга жөндөмдүү. Дагы бир айтып койчу нерсе, биз муну менен салттуу медицинаны дагы жокко чыгарып салбашыбыз керек. Салттуу медицина деле элдик медицинадан келип чыккан. Бирок, салттуу медицина менен элдик медицинанын дарылоо ыкмалары эки башка. Салттуу медицинада пайда болгон ооруну дарыласа, элдик медицинада оорунун келип чыккан себебин аныктайт Адамда физикалык жана  көзгө көрүнбөгөн астралдык дене болот да. Ошол физикалык денени салттуу медицина, ал эми астралдык денени элдик медицина дарылайт.

Айыкпаган оору жок

– Врачтар айыкпайт деген оорулар да айыгабы?

– Албетте айыгат. Айыкпаган оору жок, айыкпаган адам бар деп жооп берем жана оорунун себеби табылмайын оору айыкпайт деп дайыма айтып келем. Ал эми оорунун себеби жети дененин биринде болушу мүмкүн. Заманбап медицина жыл санап өнүккөн сайын оорунун аттары да көбөйгөндөн көбөйүп бараткансыйт. Менин чоң энем “Биз жаш кезде оорунун эки эле түрү болчу эле, ысык, суук деген, азыр бул жайнаган оорунун баары кайдан чыкты” деп таң калып калчу. Чындыгында эле оору ян жана инь энергиясынын азайып же көбөйүп кетип, гармониянын бузулушунан келип чыгат. Заманбап медицинанын түп тамыры элдик медицинадан келип чыккан. Азыркы медицинанын катачылыгы адамды органдарга бөлүп карагандыгында. Мисалы бирөө адамдын нерв системасын караса бири жүрөктү карайт, бири ашказан ичеги карынды карайт.

Ар ким өз дарыларын берип ооруну айыктырганга аракет жасайт. Ал берген дары башка органга кандай таасирин берет алардын иштери жок. Ар ким өз ишин жасаса болду. Тилекке каршы, адам  бөлөк- бөлөк органдардан турбайт. Адам – татаал, бирок бир система болуп эсептелинет. Бир органга берилген дары ошол органдагы ооруну убактылуу басат, бирок айыктырбайт. Себеби, оору терс энергиянын чогулган жери болгондуктан дарынын күчү менен ошол органдагы оорунун жолун убактылуу жаап коет.

Терс энергия ооруган органга мурдагыдай келбей калгандыктан орган айыккансып калат. Бирок, ал терс энергия эмне себептен пайда болду, себеби алынбагандыктан ал терс энергия башка органга өтөт. Мисалы агып жаткан арыктагы сууга бөгөт коюлса ал башка нук менен ага баштайт. Ошол сыяктуу эле кандайдыр бир себеп менен пайда болгон терс энергия (оору) себебин алып салмайынча утур бир органга өтүп денеден чыкпай жүрө берет. Мен азыркы медицинаны жерип жатканым жок.

Врачтар адам энергия менен жашаарын, энергиянын сапатына жараша ден соолук болорун, адамдын физикалык денесинен башка көзгө көрүнбөгөн денелер болоорун, оорунун себеби көзгө көрүнбөгөн денеде болушу мүмкүн экенин, жети денени бирдей тазалаганда гана адам толук айыгаарын билишсе эң сонун болоор эле.  Бардык оору биринчи көзгө көрүнбөгөн дененин биринен башталат жана убакыт өткөн сайын утур бир денеге өтүп олтуруп физикалык денеге жетет. Мисалы, рак оорусун алалы. Рактын клеткасы бардык адамдарда бар. Бирок бардык эле адам рак менен оорубайт. Рактын клеткалары өөрчүгөнгө адам өзү шарт түзүп берет. Окумуштуулардын изилдөөсүндө рак менен ооруган адамдардын басымдуусу таарынчак, өзүнө же башкага нааразычылыгы көп, ыраазычылыгы жок, духовный жактан өнүкпөгөн  жана ички таарынычтары күч, кечиримдүү боло албаган адамдарда болот экен. Башкача айтканда, терс энергияны бөлүп чыгаруучу  мүнөзгө ээлерде  болот.

Адам оору менен канчалык күрөшсө ошончолук күчөйт

Ооруну кабыл алып, өзүнүн кетирген кемчиликтери үчүн ушул ооруга чалдыкканын туура түшүнүп, ооруну пайда кылган мүнөзүн өзгөртсө оору кетет. Ооруган адам сөзсүз түрдө биринчиден, жандүйнөсүн тазалап, кечирим сурап, кечирип, духовный жашоого өтсө рак оорусунан таптаза айыгып кеткендер жок эмес. Бирок адамдын аң-сезимине биздин урматтуу врачтар “рак айыкпайт” деген ишенимди кыттай куюп койгон. Ар бир оорунун себеби бар. Мисалы бирөөнүн сөзүн уккусу келбеген адамдын акырында кулагы ооруйт же укпай калат. Ушул адамды же ушундай жашоону көргүм келбейт деген адамдардын көзү оорулуу болот же көрбөй калат. Бир ишке баргың келбей, бирок айла жок башынан байлаган иттей болуп аргасыз барган болсоңор сөзсүз түрдө буту ооруп баспай калат же сынат, иши кылып баргыспай коет. Ал эми ошол оорунун баарына адам өзү күнөөлүү. Албетте адам мен ооруюн деп ойлобойт, бирок жашоо образы, сүйлөгөн сөзү, ойлогон ойлору акыр түбү терс энергияга айланат. Ал эми адамдын ички энергиясы кандай болсо тышкы энергиясы да ошондой болот.  Адамдын духу (7 дене) күчтүү болсо физикалык денеси күчтүү болот же тескерисинче физикалык дене оорусу жок күчтүү болсо дух да күчтүү болот.

Оору таза айыгыш үчүн биринчиден, ишенич керек. Эгерде пациент менен дарыгердин ортосунда ишенич жок болсо, энергиялары бири бирине терс болсо да адам айыкпайт. Ошондуктан дарыгерге ишеничиңер жок болсо,  ага  оюңар таза  болбосо, жандүйнөңөр жактырбаса убакытты текке кетирип убара болуунун кереги жок. Анда андан жакшы майнап чыкпайт. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн жандүйнөсүн тыңшап, ишеничин бекемдеп, анан жандүйнөсүнө төп келсе гана дарыгерге барыш керек. Урматтуу окурмандар, сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, жандүйнөңүздөргө аруулук, тынчтык каалайм. Ою тазанын бою (Аурасы) таза болорун эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог

Булак: Асман плюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: