Menu

Адабият — тарых менен маданияттын жүрөгү! Адабиятсыз, тарых жана маданият жок! Президент Алмазбек Атамбаевге кат

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаевге кат

Урматтуу президент! Быйылкы жылды «тарых жана маданият жылы» жарыялаганыңыз акылмандык болду. Бул жарыяңызды эл жактырды. Айрыкча тарых тармагында, маданият майданында эмгектенгендер өзгөчө кубанышты. Анткени эгемен Кыргызстан жашай баштагандан бери узак жылдар бою мамлекеттик бийлик бул өтө орчундуу маселелерге көңүл бурбай, кайдигер мамиле эткен. Жазуучулар, тарыхчылар, маданиятчылар «томолой жетим балага» айланып, өкмөт акча жок деген шылтоого байланып алакан жайып калган. Сиздин жарыяңыз өчкөн отту тамызып, өлгөн жанды тиргизгенге тете айбар жумуш болду.

Мен эмне үчүн адабиятсыз тарых жана маданият жок деп жер муштап кыйкырып жатам?..

Эмесе кылкылдап агып жаткан кылымдар дарыясына кылчайып, эл адабиятына сереп салалы: «Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй!» Манас атаны даңазалаган эл ырчылары эртеңки кыргыз элине, улуу ырды гана эмес, ак ала чач тарыхты да тартуулап турушкан. Байыркы Ырамандын ырчы уулу Каратай баштаган даңазаны, кийин соңку Келдибек, Акылбек, Айтыке, Тыныбек, Балыкооз, Чоодан, Чоюке сыяктуу алтын жаак, жез таңдай акындар жамгырдай төгүп, мөндүрдөй сабап ырдашкан эмеспи. Ушу улуу ырчылардан таалим үйрөнүшүп канаттарын күүлөшүп, булардын соңунан ээрчишип чыгышкан Тоголок Молдо, Куйручук, Сагымбай, Жаңыбай, Багыш, Молдобасан, Саякбай аттуу кара жаак, кайкы тил акындар тобу улуу ырды баштарына жазып, тилдерине катып, азыркы кыргыз элине асылбаа мурас таштап кетишпеди беле?!

Биз, жалгыз «Манас» эпосуна гана эмес, «Манастын» тегерегиндеги «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Эр Табылды», «Эр Эшим», «Кожожаш», «Кедейкан», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл-Мырза», «Ак-Мөөр» сыяктуу шедевр чыгармаларга эгедер улуу кыргыз элибиз! Дүйнө жүзүндөгү бир дагы эл рух байлыгы боюнча кыргыз элине теңдеше албайт! Комуз, кыл кыяк, ооз комуз, чоор күүлөрү эмне деген ган, керемет!

«Манас» эпосунда жана эл дастандарында, керемет ширетилген күү, обондордо «Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй» ак ала чач кыргыз тарыхы түбөлүк жашап турат!

Атаганат, азыркы кыргыз эли, калкыбызга улуу мурас калтырышкан Арстанбек, Музооке, Чоңду, Жеңижок, Токтогул, Ниязалы, Калык, Карамолдо, Ыбырай, Атай сыяктуу калкагар тоодой адамдардын ысымдарын ыйык тутуп, кастарлоого милдеткербиз!

Ооба, тарых менен маданиятты бири-биринен бөлүп кароого мүмкүн эмес. Бул түшүнүктөр кыргыз рухунун киндиги туташ, эгиз баласы! Ал эми ушу эгиз баланын жүрөгү – адабият! Адабиятсыз тарых жана маданият жок!

Урматтуу президент! Сиз жана биз, адабиятты, жүрөгүбүздү унутуп жатабыз! Албетте, жарык дүйнөдө жаңылбас жаак болбойт! Адам баласы жаңылат! Жалгыз гана Кудай жаңылбайт! Жүрөгү жок адам болбогон сыңары, адабияты жок тарых, маданият болбойт! Жүрөгү жок адам – айкел таш! Адабияты жок маданият — өлүк!

Дагы артка кылчайып, бу жолу эл адабиятынан бери өтүп, кыргыз жазма адабиятына азын-оолак айланчыктайлы… Аалы Токомбаевдин «Таң алдында» роман-поэмасы, Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк Асаба», Төлөгөн  Касымбековдун «Сынган кылыч», Качкынбай Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы», Шүкүрбек Бейшеналиевдин «Тайлак баатыр» романдары, Сооронбай Жусуевдин «Курманжан датка» роман-поэмасы тарых менен адабиятты саламдаштырып жолугуштурган алтын көпүрөлөр эмеспи.

Мынакей, адабият, тарых жана маданият ушинтип бири-бирине улуу тоолор сыңары жөлөнүшүп, сүйөнүшүп турушат. Эгер адабият аттуу улуу тоо куласа, анда тарых жана маданият тоолору да күү-шаа түшүп кулап калышат. Кудай анын жүзүн ары кылсын! Улуу тоолорубуз кулабасын!

Адабият тарыхка гана тургай, маданиятка да зор кызмат өтөп келет. Улуттук туңгуч опера «Айчүрөктүн» либертто-ыр баянын, атактуу акындар Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов үчөө жазышкан да. Эгерде бул акындар ыр баян жазышпаса, анда композиторлор А.Малдыбаев, В.Власов, В.Фере баштарын ташка урушса да опера жарата алышмак эмес. Ошондой эле Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликов жазган либертто-ыр баян мынабу үч композитордун башын бириктирип, «Манас» операсынын жазылышына тоодой эмгек өтөгөн. Кыргыз опера жана балет театры элге улуу рух тартуулаган.

Эл акыны Жалил Садыков «Айкөл Манас», «Манастын уулу Семетей» аттуу драма чыгармаларын жазып, Кыргыз драма театрынын бөксөсүн толтуруп, кемтигин бүтөгөндүгүн кимдер гана билбейт.

Улуу Манас ыры атактуу композитор Муратбек Бегалиевди да ой толкунда калкылдатып, жан табиятын жаркылдатып, бул гений адам «Манасты» музыка дүйнөсүнө ширетип, кыргыз элин бүт дүйнөгө даңазалагандыгын айта кетмегим парз!

Ой бешикте термелем… Жазуучу-драматург драмалык чыгарма жазбаган болсо театрларда спектакль коюлмак эмес. Режиссерлор менен артисттер өздөрү пьеса жаза алышпай ыйлашмак!

Эгер акын ыр жазбаса, композитор менен обончу обондуу ыр чыгара алабы?.. Албетте, жок! Ырчы өзү ыр жазып ырдай алабы?.. Жок, ырдай албайт!

Урматтуу президент! Сиздин жарыяңыздын шарданы менен Кыргызстанда жакшы жумуштар жасалып жатат: Улуттук китепканада тарых жана маданият маселелерине арналган көргөзмөлөр, жолугушуулар, маданий иш-чаралар өтүүдө. Улуттук тарых музейинин имараты жаңыртыла баштады. Теле берүү, радио уктуруу жана гезиттер да таң агаргандан каш карайганга чейин тарыхка кайрылышып, маданиятка айланчыктап жатышат. Айыл-кыштактарда театр имараттары, маданият үйлөрү, китепканалар ремонттолуп жаңыртылып жатканы жагымдуу көрүнүш.

Деген менен акыл жарыштырып, ой тегеретип көрсөк кантет?.. Театрлар, музейлер, маданият үйлөрү ремонттолуп калса эле тарыхыбыз менен маданиятыбыз өркүндөп кетеби?.. Жок, өркүндөбөйт! Жанагы жагымдуу жумуштар жан дүйнөсүн өркүндөтпөй туруп жаңы кийим кийип алган кишиге окшоп калат. Биз маданияттын тышкы кебетесин эмес, анын ички дүйнөсүн, жан табиятын өгөртүшүбүз керек.

Урматтуу президент! Сиз тарыхты жана маданиятты жан дилиңиз менен чындап өркүндөтүүнү кааласаңыз абалы адабиятка камкордук көргөнүңүз оң болот. Ал эми адабиятка камкордук көрүү үчүн а дегенде, китеп жөнүндө ойлонуп-толгонууңуз абзел. Анткени китеби жок адабият болбойт эмеспи.

Азыркы кезде Бишкек шаарында эмне көп?.. Китеп чыгарган басмалар көп! Бирок бул басмалар мамлекет кызыкчылыгын эмес, өз кызыкчылыктарын көздөшөт. Себеби жанагы басмалардын бардыгы жеке менчик! Дагы Кудайга шүгүр! Жеке басмалар болбогондо жер тиктеп, китеп кереметинен кемип калмак экенбиз.

Кыргызстанда эмне жок?.. Китеп дүкөндөр жок! Эртеги СССР доорундагы, район, облус борборлорундагы, шаарлардагы китеп дүкөндөр  жеке менчикке сатылып кетип, алардын баары арак дүкөндөргө айланып калган.

Ушу тапта Бишкек шаарында жалгыз гана кыргыз китеп сатуучу «Нуска» деген, китеп дүкөнү бар. Бул китеп дагы чычкандын көчүгү айланбаган тар бөлмөдө жайгашкан. Оо, шумдугуң кур! Борбор калаадан «Нускага» чоңураак, үч бөлмөлүү имарат табылбаганы эмне жосун!

Ал эми мунун тетиринче Бишкекте орус китеп сатуучу беш-алты дүкөн бар. Жаңкы орус китеп дүкөндөрү жаркыраган, заңгыраган, кенен-чонон чоң имараттарга конушкан. Бир жолу «Нуска» китеп дүкөнү менен «Дом русской книги», «Раритет», «Одиссей» ж.б. орус китеп дүкөндөрүн салыштырып көрүп ызаланып ыйлагым келген. Эмне үчүн кыргыздар ушунча өтө төмөндөп кеттик?.. Эмне үчүн?..

Оо, урматтуу президент! Мен сизге төмөнкү сунуштарым менен кайрылам:

  1. Маданият министрлигинин алдында «Кыргыз китеп» борборун жана «Адабият» Басма Үйүн ачыш керек. Албетте, Басма Үйүнүн өзүнө таандык басмаканасы да болушу зарыл.
  2. Бишкек шаарынын чогортосуна, чоң китеп дүкөн куруш керек. Азыркы «Нуска» китеп дүкөнүн ушу жаңы имаратка көчүрүш керек.
  3. Райондордун, облустардын борборлоруна жана республиканын аймагындагы шаарларга китеп дүкөндөрүн ачууга убакыт мерчеми жетти.
  4. Маданият министрлигинин алдында уюштурулган «Кыргыз китеп» борбору китеп чыгаруу жумуштары менен гана чектелбестен, мамлекет кызыкчылыгын көздөгөн, элге ак кызмат өтөгөн гезит жана журнал чыгарып турушу лаазым.

Маселен, адабият, тарых, маданият маселелерин мелжеген «Улутман» аттуу гезит жумасына бир жолу чыгып турса, «Эгемен Кыргызстан» деген журнал ай сайын жарыяланса эл үчүн өтө жакшы болмок. Ошондо капкара булуттардын артынан жаркыраган күн суурулуп чыга калгандай кубанычтуу жаңылык болбойт беле, атаганат!

Дегеним, ушу кезге чейин адабият, тарых жана маданият маселелерине арналган бир дагы гезит-журналдын жоктугу, элди өкүндүрөт.

Урматтуу президент! Мамлекеттик бийликтин китеп баса турган жана гезит-журнал чыгара турган өз басмасы сөзсүз болууга тийиш!

Улутман боло албаган адам, мекенчил боло албайт! Мекенчил боло албаган адам, Ата мекенге ак кызмат кылбайт!.. Кыргыз элинин башына, жүрөгүнө улутмандык жана мекенчилдик сезим-туюмдар орногондо гана Кыргызстан биротоло оңолот, ошондо гана коррупция шүмшүк жоголот! Ошондо Кыргызстан, жылдызстанга айлана баштайт!

Урматтуу президент! Мен сизге акыл үйрөтүп жаткан жокмун, баскан жолуңузга жарык төгүп жатам!  Улуу кыргыз элинде жакшы салт бар эле.. Акылмандар жана акын-чечендер хан-бектерге да акыл сунушкан, таалымдап жол көрсөтүп турушкан… Мен ошо жакшы салтты жаңыртып, улантып жатам.

Жанатадан бери эле улутмандык жана мекенчилдик жөнүндө жаагымды жанып саймедиреп жатпайымбы!.. Эмесе өзүмдүн мекенчил адам экенимди далилдеп сизге ыр окуп бергим келет. Бул ырымды бүт кыргыз элине арнап жазгам:

– Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда жолдо жаткан ташын да.

Мээримиң төк чөптөрүнө чөгөлөп,

«Мекенди мен сүйөм!» – деп кур, бакырба!

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

Мекеге сен барбай артка бурулгун.

Ала-Тоого таазим этип кыргызым,

Алты ирекет бүгүлгүн да, жыгылгын!

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

Кереметтүү Ысык-Көлгө сыйынгын.

Шайтан-шабыр жолобогон эгерим,

Шаркыраган сууларыңа жылынгын!

 

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда асмандагы Күн-Айды.

Акактабай Арабстан чөлүндө,

Ала-Тоодон табасың сен Кудайды!

 

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда көктө учкан куштарын.

Каркылдаган каргаларын кучактап,

Жыландарын башка жаздап уктагын!

 

Сүйөсүңбү чын жүрөктөн Мекенди,

«Жазды сүйөм!» деген сөздү таштагын.

Жакшы көргүн жайын, күзүн жана да

Жааган карын, кычыраган кыштарын!

 

Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда ысык жана муздагын.

Ат-Башынын токоюнда жатканда,

Арстанбапты элестетип уктагын!

 

Сүйөсүңбү, чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда ар бир айыл-кыштагын.

Ошту, Чүйдү, Нарын жана Баткенди,

Деги койчу, Кыргызстандын бүт баарын!

 

Сүйөсүңбү, чын жүрөктөн Мекенди,

«Түндүк-түштүк» деген сөздү укпагын.

Жалал-Абад калаасында жашасаң,

Таласта өскөн гүлдү өөп-жыттагын!

 

Сүйөсүңбү, чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда, чымын менен чиркейин.

Бечараны басып алба, байкабай,

Мобул бака, сенин бакаң түркөйүм!

 

Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Мекен сага, Мекеден да ыйык да.

Суу ичсең да Теңир-Тоонун койнунда,

Сулайман-Тоо сенин тооң унутпа!

 

Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Саяк, саруу, сарбагышка бөлбөгүн.

Кыргыз элдин оң жана сол канаты —

Бардыгы тең сенин элиң көйрөңүм!

 

Сүйсөң эгер чын жүрөктөн Мекенди,

Сүйгүн анда жолдо жаткан ташын да.

Ошто жашап сүйө албасаң Токмокту,

«Кыргызстанды сүйөмүн!» – деп бакырба!

Урматтуу президент! Улуттук идеология деген ушу! «Улуттук идеологиябыз жок! «Улуттук идеология жөнүндө» мыйзам жазыш керек!» – деп кыйкырышкан кыргыздар да жок эмес. Менимче жазып кереги жок! Кыргыз мамлекетинин улуттук идеологиясы, Улуу «Манас» эпосунда, эл адабияттарында, ата-бабалар бизге энчилеген макал-лакаптарда алтын-күмүш сыңары жылт-жулт этип уюп жатат!.. Мына ушу асыл баа элдик кенчти алтын кен казгандай аяр казып, жаңы заман агымына буруп, элге кайрадан туртуулашыбыз керек! Ата-бабалар мурасы бизге бай түшүм берет! Азыркы саясатчылар ата-бабаларыбыздын улуу сөзүнөн ашкан улуттук идеология мыйзамын жазып кыйратышпайт. Алар Кыргызстанды жаңкы мыйзам менен жыргатышпайт!

Улуттук идеологиянын башкы урааны береги, үч сөз болмогу ийги: «Улуу жана күчтүү Кыргызстанды куралы!», «Улуу кыргыз элине айланалы!», «Кыргызстанды Манас атанын тирүү арбагы колдосун!»… Телекөрсөтүүлөр жана радиоуктуруулар, гезиттер ушул үч сөздү байма-бай какшап, таңшып, шаңшып турушу керек. Элдин кулагына ушул үч сөздү күндүр-түндүр куюшу керек. Ошондо уктап жаткан элдин жүрөгү ойгонот! Жан дүйнөбүз тазарып, агарып жаркырай баштайт. Улуу кыргыз тилинде сыйкыр бар, магиялык күч бар!

Мамлекет жалаң мыйзамдын күчү менен элди тарбиялай албайт. Мыйзам аркылуу коркутуп-үркүтүп, уруп-сабап, түрмөгө камап, ал тургай дарга асып, атып дүйнө жүзүндөгү бир дагы мамлекет элди тарбиялай алган эмес! Элди улуу сөз гана тарбиялай алат!

Ошондуктан сиз, адабиятты, тарыхты жана маданиятты өнүктүрүүнү, өркүндөтүүнү кааласаңыз анда ушул үч улуу сөздү, улуттук идеология куралы катарында колдонуңуз! Албетте, мен жогортодо айткан чалкеш жумуштарды бир заматта эле, «сүф» деп жасап салууга мүмкүн эмес. Ошондуктан эмдиги 2017-жылды адабият жылы жарыялаңыз!

Эмесе урматтуу президент! Кыргызстан үчүн кыл чайнап, эл үчүн ээрде уктап эмгектене бериңиз!

Эркалы Өскөналы, жазуучу.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: