Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун 19-октябрда экинчи окуудан кабыл алышты. Мына ушул мыйзам долбоорун талкуу учурунда “Ата Мекен” партиясынын Аида Салянова, Наталья Никтенко, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиевдер утур-утур трибунага чыгышып бүтүндөй Жогорку Кеңешти жүдөтүп ташташты. Сырттан караган кишиге эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жыйыны эмес эле “Ата Мекен” партиясынын жыйынында отургандай эле болушту. Бир ууч “атамекенчилердин” чабуулуна эки тизгин, бир чылбырды уучтап турган КСДП фракциясы туруштук бере алышпай, боштук кылышты. Дагы жакшы, фракция лидери Иса Өмүркулов менен Рыскелди Момбеков болбогондо КСДПнын такыр эле тебелеп кетишмек окшойт. Мына ушул эки депутат болгон чабуулдун мизин кайтарышып, саясий чайкоочулук кылгандардын демин суутканга жарашты. Калгандары отурушту, эмне дээрин билишпей элейишип…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ