Menu

Депутаттар өздөрүнө “харакири” жасашты…

Бөлүшүү:

Конституцияга өзгөртүү киргизүү керекпи, же жокпу, ал ушунчалык эле шашылышпы, же кийинчерээк жасаса деле болобу? — деген сыяктуу абстракттуу саясий суроолордун тегерегинде коомчулук эки жаат бөлүнүп алып, кызыл-жаян болуп кырчылдашып жаткан кезде, туура бир жыл мурда шайланып келгенден бери жарытылуу иш жасай элек парламент эң алгачкы маанилүү кадамын жасады — референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окуудан кийин 98 добуш менен колдоп беришти. Атактуу 99 деген “терең символикалуу” санга бир гана добуш жетпей калышса да, ошого абдан жакындап барышты!..

Бул мыйзам долбоору парламенттен өтөрү (же өткөрүлөрү) күтүлгөн эле кадыресе жараян болчу. Маселе башкада. Жайкы эс алуудан келишкенден бери эс-учтары чыгышып, элди ойлошпой эле, сыртынан башка маселелерди да талкууламыш болушканы менен, негизинен бир гана: парламент таркайбы, же жокпу? — деген сыяктуу суроолордун чордонунда жашап калышкан депутаттар өздөрүнө япончо эмес, дал кыргызча эле “харакири” жасап салышты.

Анткени, коомдук-саясий кырдаал дал ушул багытта бара жатат. Буюрса, 11-декабрда референдум да өтөт, конституцияга сунушталып жаткан бардык өзгөртүүлөр да “оптом” кабыл алынат…

Андан кийинки кырдаал кандайча болот? Биринчи иретте дал ушул парламент ишмердигине байланышкан конституциялык-мыйзамдык карама-каршылык жаралат. Жаңы сунуштардын бири боюнча алганда, парламентте 90 депутаттык мандат каралып жатат. Ал эми булардын саны — 120… Бул кайчы келүү парламентти таркатууга эң олуттуу жана эң башкы себеп болуп бере алат. Азырынча аларды жооткотуп, “парламент таркабайт, мөөнөтүңөр бүткөнчө иштейсиңер” — деп алдап-соолап (эшек араба ылайдан өткөнчө) кармап туруу зарылдыгы бар экендиги көрүнүп турат.

А конституция кабыл алынгандан кийин, парламентке тиешелүү болгон дал ушул пункт (120 депутат эмес — 90 деген!) дагы төрт жылга чейин иштебей, мораторий салынып турсун деген президенттин жаңы Жарлыгы чыгып, жаңы мыйзам кабыл алуу зарылдыгы туулат. Бул абсурд. Эгерде дагы төрт жылга чейин иштештин зарылдыгы жок болсо, конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү неге шашылыш кабыл алынат?..

Айтор, жаңы конституциянын толук кандуу иштешин камсыз кылуу принципиалдуу маселе. Андай болсо, “силердин 30уңар жаңы мыйзам боюнча ашыкча, ошондуктан, 90го чейин “кыскартуу” жүргүзүлөт” деген “идея” жаралат. Бул ансыз да араң иштеп жаткан парламенттин ишин ого бетер чакчелекей түшүрөт. Сөздүн чыныгы маанисинде (текст алдында), кыскартуу болбой эле, ыңгайсыз жана айдаган жакка баспай, моюн толгошкон, өз позицияларын бекем, аягына чейин карманышкан 30 депутатты “издөө” башталып, алардын “өз ыктыярлары менен” мандаттарын таштап кетүүсү боюнча иш аракеттери жасалат!..

Бул болсо, парламенттик шайлоо өткөрүү процессинен дагы алда канча татаал, машакаттуу жумуш экендиги талашсыз. Ансыз да жемишсиз, саясий кызыл-кулактык полемикалардын гана тегерегинде жашап келе жаткан саясий чөйрө кырдаалды кыйла курчутуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот… Демек, бул багыт бийлик үчүн ыңгайсыз. Жаңы конституцияга ылайык, бардык бийлик бутактары жаңыча макамдарга ээ болушту. Иштин баарын жаңы мыйзамдын нугунда баштоо зарыл деген сыяктуу “аргументтер” аркылуу, бул араң жан парламентти бир жарлыкка кол шилтөө менен гана таркатып коюу алда канча оңой…

Ошентип, келерки жылдын февраль-март айларында кайрадан парламенттик шайлоо башталып, кайрадан саясий өнөктүк күч алат. Бул дагы экономикалык кризиске капталган учурда каржылык каатчылыкты күчөткөнү менен, негизинен бийлик үчүн ыңгайлуу. Карапайым калктын күндөн-күнгө оордоп, кыйындап бара жаткан жашоосунан улам, жыл сайын боло келген “жазгы” толкундоолор” убактылуу болсо да артка жылдырылат. Күчтүү саясий лидерлер да, олуттуу коомдук ишмерлер да, саясий кызыл-кулактык менен гана күн көрүшүп көнүшкөн жоон топ саясий күчтөр да, айтор — жалпы республикалык коомчулук — жер-жерлердеги шайлоолор менен гана алек болуп калышат.

Кыскасы, дайыма жогорку бийлик камчысын чаап, жогору жакка жагынууга аракет кылышкан депутаттар да, ушул мыйзамды өткөрүп берсек, биз сакталып калат экенбиз, мөөнөтүбүз бүткөнчө иштей берет экенбиз деп ичтеринен үмүттөнүшкөн коркок депутаттар да, баары тең түпкүлүгүндө жаңылышып, өздөрүнө өздөрү “харакири” жасашкан. Ал эми кийинки парламент курамы кандай болот, булардын ичинен канчасы кайра шайланып келе алышат, — бул бүдөмүк. Партиялык тизмелер түп-тамырынан жаңыланып, шайлоочулардын аздыр-көптүр аллергиясын жаратпай турган, компромисстүү тизмелерди түзүү далалаты башталат.

Бирок, ал саясий аренада азыркы парламент депутаттары саясий субъект катары эмес, объект катары — же, тагыраагы, эки “шахматчынын” — жогорку бийлик менен анын башкы оппоненттеринин, — ортосунда ойнолуп жаткан “пешкалардын” гана ролун аткарып калышат.

Ал эми пешка деген башка. Кези келгенге чейин наркы да, баркы да жок бир бечара фигура. Аларды такыр санабай, кырдаалга жараша, каалаганча курмандыкка чала берүүгө да болот. Кээде гана, айрым бир сейрек “партияларда” алардын арасынан белгилүү бир мөөнөттөн кийин гана, ичинен күтүүсүздөн суурулуп чыккан, же катаал салгылашууга, кандуу кармашка карабай, бардык каршылашууларга моюн сунбай, өз идеясын акыр аягына чейин ишке ашыра алгандары максатына жете алат — жеңишке жетишүүгө баалуу салым кошот, же даңктуу, барктуу фигурага — ферзге айланат!..

Арийне, маселенин баары, азырынча ушул 120 депутаттын ичинде ошондой суурулуп чыга ала турган, чыныгы элдик лидерге айла турган фигуранын көрүнбөй келе жаткандыгында…

 Азамат САЛИЕВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: