Menu

Жайсаңчыларды жайлообу, же…

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбековго,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбековго

Коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн

Кайрылуусу

Биз, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, 2016-жылдын 6-октябрында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында “Улуу “Манас” эпосубуздун бүгүнкү тагдыры” деп аталган республикалык илимий-тажрыйбалык конференцияга катыштык. Максатыбыз – “Бүбү Мариям Муса кызы баштаган жайсаңчылар менен аларга каршы турган О.Сооронов баштаган топтун ортосундагы талаш-тартыш боюнча өз пикирибизди айтып, кыргыз  элин бөлүп-жарып, ырыс-ынтымагын кетирип, ызы-чуу болуп жаткан мындай шумдук окуяны токтотууга аралжы болобузбу” деген жакшы оюбуз бар эле…

Тилекке каршы, О.Соороновдун шакирти, конференцияны алып барган Садык Тиллебаев (Алахан) сабак берген студенттерин жыйнап келип, оң тарбия берүүнүн ордуна аларды калп сүйлөөгө, туура эмес иштерди жасоого үйрөтүп, өзүлөрү сүйлөсө жасалма түрдө сүрөөнгө алдыртып, кол чаптырып, кыйкыртып, жыйынды бир тараптуу жансыз деңгээлде алып барды. Анысы аз келгенсип, “эки тарапка тартпай калыстык сөздү айталы” деп барган коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө бизге сөз бербей чогулушту бүтүргүчө шашты.

Уюштуруучулар конференцияга катышканы келген адамдардын ысымдары жазылып, колдору коюлган (регистрация) тизме барагын конференциянын аягындагы кабыл алынган резолюцияга добуш берген сыяктуу кылып, жалган жерден тиркеп койгондугу тууралуу маалымат эртеси эле эл арасына кеңири тарады…

“Эгемендик жылдары жаш тарыхчылардын башын кошуп тың чыгып, азыр болсо артка кетип, диний-мифологияны, башка элдердин кыргызды жаманатты кылгысы келген уламыштарын окуу китептерине киргизип, “тарых жасаган” Тынчтыкбек Чоротегинди өзүлөрүнө кошуп алган Омор Сооронов, Курманбек Абакиров, Садык Алахан биригип алышып, “Манасты” сактап калбасак болбой калды, кокуй!” дешип, жалгыз аяктан да катуу кыйкырышып, 5-6 жылдан бери жалпы коомчулуктун тынчын алып, дүрбөтүп келди…

Окумуштуулар, “Манас” эпосуна тиешеси бар адамдар, окуу жайлардын окутуучулары далай ирет угуп жадап бүтүшсө да алар чакырган чогулуштарга, конференцияларга катышууга мажбур. Эгерде айткандарына көнбөсө же катышкысы келбесе анда аларды  ММК аркылуу же оозеки түрүндө “Жайсаңчы” деп же патриот кыргыздарды “Жунгар калмагы” деп (Кыргыз таймс. №1 (001) август. 2016) жар салуу менен калмак элинин улуттук кадыр-баркына атайылап шек келтирип, улуттар аралык кастыкты козутууга (КР КЖК 299-ст) аракет кылып, же исламчыларды өз айланасына баш коштуруу үчүн  “исламга каршы?” деп,  же “чогулушка коркуп келбей койду” деп “кара тизмеге” киргизип, элге жайып жибере тургандыгын көпчүлүк эми гана ажыратып биле баштады.

Ошондуктан алар ээлеген кызматтарына, даражаларына карабай шантаждан коркуп, О.Соороновдун тобунун чогулуштарына катышууга, алардын “Манаска” күйүмүш болуп дарылдап кыйкыргандарын угууга, элдин ынтымагын кетиргенине, ызы-чуу салганына, көнүүгө, унчукпоого аргасыз.

Ал эми бул топтун мүчөлөрү болсо өзүлөрү  сабак берген студенттерин жыйынга койдой айдап келип катыштырып, “бул сүйлөгөндө кол чаап кубаттап тургула”, “тиги сүйлөгөндө кыйкырып сүйлөтпөй койгула” дегени эч кимди деле таң калтырбайт…

Бул топтогулар керт баштарынын кызыкчылыктарын, атак-даңкын, элге таанымал болгусу келген амбициясын асманга көкөлөтүп, жөн турган ислам динин, улуу Манасты жайына койбой кыянат пайдаланып келишүүдө…

Эгерде О.Сооронов, К.Абакиров, Т.Чоротегин, С.Алахан чындап эле “Манаска” күйгөн болсо, кыргыз элинин ынтымагын сүйгөн патриот болсо анда мынчалык ызы-чуу салбай эле, жыйынтыгы чыкпаган ызы-чуулуу чогулуштарды өткөрбөй эле, мындан 4-5 жыл мурда эле редколлегия түзүп, ашкере амбицияга берилген Бүбү Мариямды чакырып келип, кемчиликтер орун алган Жайсаңды эчак эле нары же бери кылып тынчытып коюшмак…

Бирок алар антүүнү каалашкан жок.

Себеби, биринчиден, 1952-жылдагы катуу кармашта “Манасты” чындап сактап, коргоп калган улуу инсандардай – окумуштуу, жазуучулардай адабияттын тарыхында аттарын калтыруу үчүн, жасалма болсо да ызы-чуу салуу менен өз максаттарына жетүү; экинчиден, “Мажму атут-таварихтеги” диний-мифологиялык окуяларга таянып “Манасты” исламдаштырып, салттуу “Манас” эпосунун варианттарын бузуп, “аян менен манас айтуу Сагынбай, Саякбай менен кошо кеткен” деп жаш манасчыларга бут тосуу, үчүнчүдөн, 1995-жылы белгиленген “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын жана кыргыздын тарыхын диний-мифологиялык-санжыралык деңгээлге түшүрүп, дүйнө эли таанып, белгилеген кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык тарыхый маараке-майрамын жокко чыгаруу.

Бул О.Соороновдун тобу “…бул күрөш накта чоң согушка, руханий, духовный согушка айланып кетти. 1952-жылдагыдан алда канча оор болду…” деп элди дүрбөтүп, 1952-жылы “Манасты” исламдан сактап калуу үчүн чындап күрөшкөн Б.Юнусалиев, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, М.Ауэзов, К.Маликов, Б.Керимжанова, А.Каниметов, Богданова,  С.Табышалиев, И.Сарманов, К.Укаев ж.б. улуу инсандарды тебелеп өткүлөрү келди.

1952-жылы Самаганов, Балтин, Нуров жанталашып “реакциячыл, пантүркисттик, паисламисттик идеяда” деп Манасты айыптап жок кылууну көздөсө, бул топтун анабашы О.Сооронов 2011-жылдан тартып басма беттерине Манасты 12-15-кылымдарда туудуруп, Токтомуш хандын кол алдындагы аскер башчысы кылып, “эпостун идеологиясы ислам дини, ислам Манастан мурда жаралган” деп 64 жылдан кийин  Ж.Самагановдун ролун аткарып келе жатат.

Тактап айтканда, мазмуну бирдей, формасы башкача түрдө анын айтканын кайталап, жогорудагы улуу инсандардын 1952-жылдагы конференцияда ислам дининин кыргызга келишинин жана “Манас” эпосуна кирип кетишинин так себептерин баяндаган докладдарына каршы келген материалдарды атайылап жазып, басмалардан чыгарып, элге таркатууну кызуу жүргүздү.

Мына ушул 4 адам жанына дагы 2-3 адамды кошуп алып “Айкөл “Манас” (Жайсаң) деген китепти беттерине кармап, шылтоо кылып, “Манас” эпосуна чындап күйгөндөй түс көрсөтүп, “Саякбай, Сагынбайдан кийин манасчы чыкпайт” дешип, бир кезде “Замирбек акыркы ырчы, эми ырчы чыкпайт!” деген адамдардын жоосунсуз жоругун кайталап, кыргыз элине чындап кызмат кылган патриот инсандарды атайы жаманаттылап;  “Улутчул, Теңирчил, көзү ачык, парапсихолог, аянчыл, дөөрүк,  окультист-эзотерик, Манасты, тарыхты иликтемиш болгон келесоолор,” ж.б. ярлыктарды чаптап, шылдыңдаган, кордогон сөздөрдү айтып, ММКларга жазып, “Улуу Манас жана анын фальсификаторлору” аттуу китепке чыгарып, эл алдында алардын кадыр-баркын түшүрүүгө, ишеничтен кетирүүгө аракет жасап, руханий дүйнөдө 37-жылдагы “тройканын” ролун ээлегилери келди.

Акыйкатында, алар кордоп, шылдыңдаган адамдар Президент А.Ш.Атамбаевдин Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы диний оор кырдаал боюнча өткөн жылдары өлкө элине жасаган Кайрылууларын жана “2014-жылдан 2020-жылга чейинки диний маселе боюнча” концепциясын жетекчиликке алып, китепчелерди чыгарып,  Конституциянын оңдолушун 2012-жылдан бери талап кылып, ж.б. элге керектүү темалар боюнча өлкө бийлигине каттарды жазып, Манастын дүйнөлүк деңгээлдеги кереметин даңазалап, жалпы элдин рухун, духун көтөрүп, жан дүйнөлөрүнө Манасты өчпөс кылып сиңирүүгө аракет кылып, кыргыздын жашоо-турмушун тартипке салып бузуктуктан сактап калган каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын эл арасына жайылтып, кыргыздын байыркы тарыхы боюнча иликтөөлөрдү жазып, эч кимден акы сурабай, патриоттук дух менен иштеп келе жатышат.

Качан кыргыз келечекке болгон ишениминен ажырап духу өчкөндө, тарыхын, тилин, салтын жоготкондо, Манасын унутуп, диний маңкурт болгондо, байкуш болуп кайсы бир улуттарга аралашып жашай бериши мүмкүн, бирок улут катары жок болот!

О.Сооронов жана анын тобу шылдың кылып жазгандар жашоо-турмуштарында исламчылар сыяктуу террордук иштерди жасаган жок. Элди бөлүп-жарган жок, өлкөнүн эгемендигине зыян келтирген жок. Кайра эл тынч болсо экен, өлкөбүз өнүгүп-өссө экен деп Кудайдан суранып, эч кимге тийишпей, бөлүп-жарбай, ынтымакты кетирбей тынч жашап келишүүдө.

Калыстык менен айтканда, алардын арасында кемчиликтерди кетиргендери бар. Бирок алар дагы элдин тынчтыгын, ынтымагын бузган жок, радикал-исламчылар сыяктуу коркунуч туудурган жок.

Бул инсандардын артында жалпы эл турат. Ал эми О.Соороновдун тобунун артында исламга кыйшайган күчтөр жана динден сырткары эл аралык деңгээлдеги саясый-авантюристтик бирөөлөр турат.

О.Соороновдун тобу Манас темасында светтик окумуштууларга кошуп, өлкөнү теократиялык мамлекетке ылайыкташтырууга кызыкдар болгон диний аалымдарды аралаштырып, (“Улуу Манас жана анын фальсификаторлору”. Чубак ажы Жалилов 44,305,310-б.б.) чогулуш өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесин бузушууда.

Булардын кесепетинен Сириядай, Афганистандай диний көз караш менен Кыргызстан эли бөлүнүп-жарылып, кырды бычак болушун эч ким каалабайт. Ошондуктан булардын Манасты жана динди да пайдаланып, тескери максаттарын турмуш жүзүнө ашыруу амалдарын тизгиндөө учурдун талабы.

Бул О.Соороновдун тобунун кыргыз мамлекети үчүн эң коркунучтуулугу: кыргыздын Манасын, тарыхын иликтеген патриот инсандарга чабуул коюу менен кыргыздардын эс тутумунан Манасты өчүрүп, (“Улуу Манас жана фальсификаторлору”. “Улуу эпос менен кошо жашап келаткан, анын идеологиясы катары кызмат өтөгөн Ислам динин…(69-б.) Бул эки чындыкты бурмалоочулардын бир даары “Манастан” мурда пайда болуп, улуу жомоктун идеологиясы катары кызмат өтөгөн Ислам динин танып, тоого, ташка, сууга, отко сыйынган байыркы доорго-артка көп кудайлуулукка чакырып атышат…” деп (27-бет.) жана байыркы тарыхын өчүрүп, диний маңкурт кылып, кыргызды шерменде кылып, “кыргыз кырк кыздан, көбүктөн тараган” деген диний-мифологияга атайын таянып, арам сийдик элге айландырып, башка элдердин кыргызга болгон душмандык уламышына жан киргизип, (Мисалы, “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы” 6-класс. Бишкек.“Билим-компьютер”, 2008., 43-50-беттер.) келечек муундардын жан дүйнөсүнө сиңирип, тарыхы жок эл сыяктуу ой-түшүнүктү калыптандыруу болуп саналат.

Дин алымдары менен кызматташып, исламды биринчиликке алып чыгууга жанталашкандарына караганда, “булардын артында радикал-исламчыл көз карашка ылайыкташкан адамдар жавна чет өлкөнүн чалгындоо кызматтары турабы?” деген суроо өлкөнүн тынчтыгын ойлогон ар бир адамды тынчсыздандырбай койбойт. Анткени радикалдар жана аларды курал-жарак менен камсыздап, колдогон чет өлкөлүк чалгындоо кызматтары ар кандай кыймыл-аракеттерди күтүлбөгөн жерден жасап жибере тургандыгын дүйнө эли практикада көрүп калды.

1991-жылдан азыркыга чейинки убакыт ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын кол жазмалар фондунда совет өлкөсү күчүнө кире баштагандан тартып мамлекеттин менчиги, эл байлыгы болуп сакталып турган алтынга алмашкыс баалуу кол жазмаларды; “чет өлкөлүктөргө, жеке адамдарга сатылып кетиптир, айрымдарын О.Соороновго окшогондор үйлөрүнө ташып кетип, менчиктеп алыптыр” деген маалыматтар эл арасына кеңири таркагандыгын азыр айта кетпесек, биздин эл байлыгы үчүн күйгөнүбүз кайсы?  Эгерде кыргыздын салтына ылайыкталган наркын, нускасын байыркылыгын даңазалаган колжазмалар исламдаштырлып,  калгандары кыргыздын душмандары тарабынан уурдалып, жазуулары өчүрүлүп же барактары жулунуп биротоло жок кылынып кетсе эртеңки муунга эмне деп жооп беребиз?

Ал эми Жайсаң (“Айкөл Манас”) боюнча материалдар иликтенип, текшерилип жаткандыгына байланыштуу биз укук коргоо органдарынын жооптуу жана мыйзамга ылайык аткарып жаткан милдеттерине шек келтирбей, калыстык менен байкоочу болуп турууну оң көрдүк.

Жогорудагыларга негиздеп сиздерден,

1. Салттуу “Манас” эпосунун башка варианттарына туура келбеген, исламдашкан, ар кандай диний-мифологиялык окуялар кошулган, окуган элдин башын айландырып, кыргыз тарыхын бузган, жаштарды багытынан адаштырган диний адабият (религиозная литература) “Мажму атут-Таварих” аттуу китепти окумуштуулар иликтеп, пайдалана турган мурас катары сактоо, бирок анын ичиндеги материалдарды окуу жайлардын, мектептердин программасына (адабият, тарых окуу китептерине) киргизбөө, киргизилгендерин алып таштоо үчүн КР Билим берүү жана  илим  министрлигине, КР Улуттук Илимдер Академиясына,   Билим берүү Академиясына тапшырма берүүңүздөрдү;

2. Жайсаң (Айкөл “Манас”) дастанын шылтоо кылып, элдин ырыс-ынтымагын, тынчтыгын бузуп, ызы-чуу салып курулай атак-даңкка жетүү үчүн далбастап, патриот инсандарды руханий-духовный дүйнөдө жазалоо үчүн 37-жылдагы “тройканын” ролун ойногусу келген  О.Сооронов, С.Алахан (Тиллебаев), К.Абакиров, Т.Чоротегинди студенттерди илим-билим жана тарбиялык жактан туура эмес жолго салып, келечек муундарды багытынан адаштыртпоо  үчүн  лекция окуу ишениминен ажыратууну жогорку окуу жайлардын жетекчилигине жана алардын чет өлкөлүк чалгындоо кызматтарынын “кайырмагында” барын же жогун, ислам радикалдары менен болгон байланышы канчалык деңгээлде туура экендигин иликтөө үчүн Атайын кызматтарга тапшырууңуздарды;

3. КР Улуттук илимдер Академиясынын кол жазмалар фондундагы баалуу материалдарды биротоло арабдаштырып-исламдаштырып жибертпөө, бирге иштегендерге жана жаштарга ислам дини боюнча даваат жасатпоо үчүн О.Соороновду ишинен бошотуу тууралуу Академиянын жетекчилигине тапшырууңуздарды;

4. Мектептердин жана окуу жайлардын тарых жана адабият сабагы боюнча окуу китептерине кыргыздын байыркылыгына шек туудуруп, келечек муундардын башын айландырып, багытынан адаштырган диний-мифологиялык жана санжыралык деңгээлде киргизилген маалыматтарды (булактарды) алып таштоону жана окуу китептерин даярдаган окумуштуу-окутуучулардын эл жана мамлекет алдында жооп берүү милдетин ачык тактоону КР Билим берүү жана илим министрлигине, КР Улуттук илимдер Академиясына, Билим берүү Академиясына тапшырууңуздарды;

5. КР Улуттук илимдер Академиясынын кол жазмалар фондундагы баалуу мурастарды атайын адистерди жиберип, инвентаризациядан өткөрүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архив кызматына, Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына жана Кыргыз Республикасынын Укук Коргоо органдарына тапшырма берүүңүздөрдү

Сиздерден өтүнүп, талап кылабыз.

Мурзабаев Алманбет, конструктор-архитектор;
Мирлан Атакозу теги,
“Үркөр эли” коому;
Шакирова Гүлжамила, Жазуучулар союзу,
Бакчиев Талантаалы, манасчы;
Абжалбек кызы Ардакбүбү,
салтты иликтөөчү;
Мамбеталиева Гүлсара,
манас изилдөөчү,
Айтикеев Кеңешбек,
“Кеңеш” коому;
Өмүрбекова Гүлсина,
адам таануучу;
Султанов Жолдошбек,
Аврюда илиминин доктору, коомдук ишмер;
Койчиев Абдылас, “Кыргыздын салтын коргоо, колдонуу” коомунун төрагасы (0705)-855-414

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: