Menu

Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери арасында алыш күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Ички иштер минстрлигинин демилгеси менен милициянын туңгуч генерал-майору Э.Алиевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча ички иштер органдарынын арасында мелдеш 21-22-октябрь күндөрү  Жалал-Абад шаарында болду. Бул мелдешке ИИМнин баардык дубандагы башкармалыгынан жана ИИМдин Борбордук аппараты, Э.Алиев атындагы Академиясы, Күзөт кызматы жалпысынан 13 команда катышты. Мелдеш 2 күнгө созулуп атайын эл аралык даражадагы чебер калыстар тобу түзүлүп, жеӊүүчүлөр 22-октябрда аныкталды.

Мелдештин баш аягына чейин катышкан КРнын ИИМнин Кесиптик дене тарбия жана күжүрмөн даярдык боюнча башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Төрөкул Мадамовдун айтымында, бул иш-чаранын Жалал-Абадда өткөрүлүшүн өзгөчө маанилүүлүгү, даярдыгы жана уюштуруучулугу, жогорку деӊгээлде өткөнүн  белгилеп өттү жана мелдештин негизги максаты катары кызматкерлердин кесиптик, күжүрмөн дене-тарбиялык даярдыгын чыӊдоо, ички иштер органдарынын арасында байланыш достукту бекемдөө жана мыктыларды аныктоо болуп саналат.

Спорттук иш чаранын жыйынтыктоо бөлүмүнө Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да катышып келген конокторго ыраазычылык билдирип мыкты спортчуларды акчалай сыйлык менен сыйлады.Мындан сырткары салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөрдү, калыстарды жана уюштуруу тобун атайын баалуу белектер менен Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги тарабынан сыйланышты.

Жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Жалал-Абад ОИИБ, 2-орунду Талас ОИИБ, 3-орунду Ош ОИИБ камсыздашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: