Menu

ИИМ министрлигине талапкер Улан Исраилов КСДПчы депутат Жанар Акаевдин милицияда кандай реформа жасайсыз деген суроосуна так жооп бере албады

Бөлүшүү:

– Менин суроом Ички иштер министри кызматына талапкер Улан Исраиловго, сиз МВДны реформа кылууга министр болуп баратасыз. Грузияда милиция органдары кандай реформа болгонун билесиз. Эски милициянын баары кызматтан айдалды, коррупцияга аралашпаган жаңы кызматкелер кабыл алынды, айлыгы 1000 доллардан болду. Мыкты машиналар “Шкода” же “Пассат” берилип, милиция чыкыйып калды.  Эл колдоп берди. Милицияда реформа жасаш үчүн биринчиден саясый эрк керек. Экинчиден каражат керек болот. Сиз кандай кылып реформаны баштайын деп жатасыз? – деп сурады КСДПчы депутат Жанар Акаев бүгүн, 9-ноябрда парламентте өкмөттүн жаңы курамын талкуулоо учурунда.

– Негизи ой-максат милициянын аброюн көтөрүү, элдин ишенимине жогорулатуу, анан жанагы айтылган реформаны биринчиден, ушул, мындай, азыркы күндөгү заманга жараша кылыш керек деп ойлойм да негизичи.., – деп жооп берди мукактанган Улан Исраилов.

– Сиз Кыргызстанда криминал боюнча оюңуз, бааңыз кандай?  Кыргызстанда мурдагыдай, канкор Бакиевдин учурундагыдай ишкерлердин акчасын талашкан, ошону менен байыган кылмыштуу авторитеттер барбы же жокпу? Алар менен кантип күрөшөсүз? – деп сурады Жанар Акаев.

– Бар, сөзсүз бар. Ошон үчүн биринчи талап ушундайлар менен күрөшүү максаттабыз да, – деди министрликке талапкер.

– Жогоруда депутаттар айткандай, жанагыдай саясый буйруктарды аткаруу менен эмес… Бизде жетекчилер азыр көпчүлүк энергиясын бирөөлөрдү каралоого жумшап жатышат да. Андан көрө ошол энергиясын өлкөнү өзгөрткөнгө жумшаш керек. Элдин турмушун жакшыртууга жумшаш керек ал энергияны. Бирөөнү каралоого, бирөөнү камоого ашыкпай, элге жакшы шарттарды түзүп берүүнү ойлонушубуз керек, – деди депутат Жанар Акаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: