Menu

Альфия Самигуллина: «Психиатриялык мекемелерде аялдар менен эркектерди бир палатада кармоого болбойт»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин 14-ноябрдагы жыйынында  «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси өкмөт.

Жыйындын жүрүшүндө СДПК фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина баяндамачы, саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиевден өзүнүн жана ЖКнын атайын эспертизалардын түрү боюнча бөлүмдүн берген сунуштарынын кабыл алынганын тактап, анын жообуна кызыкты. А. Мурзалиев бардык сунуштар жана эскертүүлөр кабыл алынганын белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү психиатриялык жардамдарды көрсөтүүдө жарандардын укуктарын коргоо зарылдыгын айтты.

«Мыйзам долбоору 1-окууда каралып жатканда, мен Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык оорукананын иштөөсүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча маселени көтөрдүм эле. Бүгүнкү күнгө карата палаталарда ремонт иштери жүргүзүлдүбү? Коргоо системасы камсыз кылындыбы? Өзүңүз билгендей, 132 адам качып кетти, 1 дарыгер, 1 ИИМдин кызматкери өлтүрүлдү. Мындан сырткары, эркектер менен аялдар бирге кармалышат экен. Психикалык жактан оорушса да, аялдар менен эркектер бөлүнүп жаткырылышы керек», – деди А. Самигуллина.

А. Мурзалиев жерине чыгып кеткен атайын комиссия түзүлгөнүн белгиледи. Комиссия тарабынан бейтаптарды  жынысына карап бөлүп жаткыруу маселеси чечилген.  «Ошондой эле Чым-Коргондогу коопсуздук системасын камсыз кылуу үчүн жылына 55 млн. 600 миң сом зарыл. Бул каржы 2017-жылдын бюджетинде каралды», – деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары. Анын айтымында, бул үчүн каржы 2016-жылдын бюджетинде каралган эмес эле.

Жыйындын аягында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 2-окууда колдоого алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: