Menu

WADA Орусияны допингдин «мамлекет тарабынан колдоого алынганын» моюнга алууга чакырууда

Бөлүшүү:

Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттик (WADA) Орусияны өлкөдө мамлекет колдогон допинг программасынын бар болгонун моюнга алууга чакырууда. Мындай билдирүүсүн WADA спорт дүйнөсүнүн Орусияга болгон ишенимин кайтаруу аракети менен түшүндүрүүдө.

WADA Орусия спортчуларынын допинг колдонушу мамлекет тарабынан колдоого алынып келгендиги боюнча көз карандысыз баяндаманын экинчи бөлүгү 9-декабрда жарыяланышы керектигин билдирди.

«Алар [Орусия] жок дегенде бир аз болсо да өкүнүп коюшса жакшы болмок», – деди WADA президенти Крейг Риди.

Орусиянын көз карандысыз антидопинг комиссиясынын жаңы башчысы Виталий Смирнов жекшембиде өлкөсүндө кызытма колдонууну мамлекет эч качан колдобогонун жана колдошу да мүмкүн эмес экенин билдирген.

2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимпиада оюндарында орус спортчулары мамлекеттин колдоосу менен допинг колдонгондугунун далилдери келтирилгенден кийин WADA орусиялыктардын Рио-де-Жанейродогу оюндарга катышуусуна тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: