Menu

Кыргызстанда качкындардын жапырт келүү ыктымалдыгына реакция кылуу планы жаңыланды

Бөлүшүү:

Кыргызстан качкындардын жапырт түрдө келүү ыктымалдыгына реакция жасоо планын жаңылады. Аны талкуулоого Коргоо кеңеши, өкмөттүн аппараты, ӨКМ, ИИМ, УКМК, Миграция кызматы, Чек ара кызматы, Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлөрү катышты. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орузбаев качкындардын массалык түрдө келүү ыктымалдыгына даярдануу коопсуздуктун маанилүү бөлүгү экенин айтты. «Белгилүү бир жагдайларда каалаган адам качкын болуп калышы мүмкүн. Бозгундардын агымына байланышкан абалдарды пландоо алсыз адамдарды коргоо үчүн маанилүү курал болуп эсептелет. Биргелешип иштөө менен көптөгөн жыйынтыктарга жетишүүгө болот», — деди ал.

Кыргызстан Качкындар макамы тууралуу конвенцияга 1996-жылы кошулган. Андан берки 20 жыл аралыгында Тажикстан, Ооганстан жана Өзбекстандан келген качкындардын агымына дуушар болгон.

«БУУнун качкындар боюнча жогорку камиссары башкармалыгынын жардамы менен андай учурларда маморгандар ортосундагы өз ара аракеттерди жакшыртуу боюнча чараларды көрүп жатабыз. Бул деген Кыргызстандын аймагына кычкындардын массалык түрдө келүүсү мүмкүн дегенди билдирбейт. Ошентсе да өз ара аракеттешүүнүн механизмдерин иштеп чыгып, дайыма даяр болуп туруу зарыл», — деди өкмөт аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө абалдар бөлүмүнүн тескөөчүсү Адилет Жанузаков.

Реакция кылуу планында чек арадан кабыл алуу жол-жобосу жана зарыл болгон кызматтардын тизмеси көрсөтүлөт. Анда тамактандыруу, суу, турак жай, санитария, саламаттыкты сактоо, билим берүү менен камсыздоо, каттоодон өткөрүү жана балдарды жыныстык, гендердик зомбулуктардан коргоо иш-чаралары каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: