Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору тарабынан 2016-жылдын 6-декабрынан 8-декабрына чейин Билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институтунун (ИСИТО) окутуучуларына «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери” деген аталышта 3 күндүк окуу иштери жүргүзүлдү. Бул окутуу аталган институттун ректору Б.Х.Кубаевдин демилгеси менен уюштурулуп, ар түрдүү предметтердин мугалимдеринен жана ар улуттун өкүлдөрүнөн турган 18 катышуучу билимин өркүндөткөнү боюнча тастыктамаларгаэ болушту.
Окуу-маалымат борборунун директору А.Исманкулова окуу жайлардын арасында мамлекеттик тил боюнча окутуу иштери алгачкы ирет жүргүзүлгөнүн айтып, Билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институтунун башка окуу жайларга үлгү болуп жатканын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ