Menu

Өзбек парламенти Абдулла Ариповду өкмөт башчылыкка шайлады

Бөлүшүү:

Ислам Каримов мезгилинде коррупцияга байланыштуу вице-премьер-министрлик кызматтан четтетилген Абдулла Арипов Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан өкмөт башчылыкка сунушталган. 14-декабрда парламент аны колдоп, добушун берди.

Абдулла Арипов министрлер кабинетинин программасы менен тааныштырды.

Сөз сүйлөгөн депутаттар менен сенаттар өлкө башчысы сунуштаган талапкерди колдой тургандыктарын айтышты. Андан соң сенат менен мыйзам чыгаруу палатасы Абдулла Ариповду Өзбекстандын премьер-министри кызматына бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.

1961-жылы туулган Абдулла Арипов вице-премьер кызматында он жылдан ашык – 2002-жылдын майынан 2012-жылдын августуна чейин иштеген. Аны менен катар 2005-2009-жылдар аралыгында Өзбек байланыш жана маалымдаштыруу агенттигин жетектеген.

Ушул жылдын сентябрында Абдулла Арипов кайрадан премьер-министрдин жаштар саясаты, маданият, маалыматтык системалар жана телекоммуникациялар боюнча орун басары болуп дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: