Би-ир кызык макала боюнча «Азия Ньюс» басылмасын, башкы редакторду жана макаланын авторун кошуп туруп, КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков сотко берген болчу. Болгондо да 20 миллион сомго! (Баягы эле ар-намыс, кадыр-барк, жана башка шылтоолорду чүргөп) Баракелде! Мындай жагдайда президент Атамбаев 2 миллион сом менен гана «сүйлөшчү». Илим болсо президенттен дагы өзүн 10 эсе жогору сезип, болушунча көкөлөп, кылганы бул болгон. Бирок, кайра акылына келдиби, же адамгерчилик кылдыбы, айтор, өзү сот процессине үч ирет катары менен келбей койду. Соңунда Биринчи Май райондук соту А.Калыбаев бул ишти кароосуз калтырып, «делону» тарс жапты! Дагы чуу чыгып кетет беле? Айтор, «жабылуу аяк жабылуу бойдон калды»…
Булак:”Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ