Бүгүн, 26-февралда УКМК тарабынан кармалган депутат Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги саат 13.00. дөн бери УКМКнын алдында өтүп жатат. Митингдин катышуучулары Текебаевдин тез арада камактан бошотулушун талап кылышууда.
Саат 15.30.дарда митингге 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева келип Текебаевди колдогон, Атамбаевдин бийлигин сындаган жалындуу сөз сүйлөдү.
Эсиңиздерге сала кетсек, Роза Отунбаева 2011-жылы Алмаз Атамбаевдин бийликке келишине чоң салым кошкон.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео Искен Афиджановдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ