“Жылкы теппей, жылан чакпай” КСДПнын депутаты Тилектеш Исаев мандатын тапшырды. Ордуна Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору Канатбек Керезбеков келди. Тилектеш Исаев 2010-2011-жылдары “Манас май куюучу комплекс” мамлекеттик ишканасын жетектеген. 2011-жылдан 2015-жылы, Жогорку Кеңешке КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келгенге чейин ‘Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасынын башкы директору болуп турган. Исаевди жакындан билгендердин айтуусунда Икрамжан Илмиянов, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен жакын мамиледе экенин, депутаттыктан кеткенден кийин кайра эле күйүүчү май бизнесине кайтаарын айтышууда. Ал эми Жогорку Кенеште социалдемократтардын дагы бир депутаты Музаффар Искаковго кылмыш иши козголгонун эске алганда, мындан кийинки эле депутат болчу киши президенттин мурдага кеңешчиси Икрамжан Илмиянов экенин белгилеп коёлу. Мындай мандаттардын тез алмашып жактанын серепчилер президенттик шайлоонун алдында КСДП парламенттеги позициясын чыңдап жатканы менен түшүндүрүшүүдө.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ