Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 7-мартта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында 8-март Аялдардын эл аралык майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөттүн атынан Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Биринчи вице-премьер-министр, аялзаты саясатта, мекенди коргоодо, маданият, билим берүү, медицинада жана башка тармактарда эркектер менен тең жарышып иштеп, сыйлыктарга жана наамдарга татып, өздөрүн дайыма татыктуу алып келерин баса белгилеп, биргелешип кийинки урпактар сыймыктана турган өлкө кураларына ишеним артарын билдирди.
«Ислам дининде “Бейиш эненин таман астында” деп айтылып, алардын ыйыктыгы эң бийик даңазаланган. Сиздердин назик колуңуздарда дүйнөнү гүлдөтчү майтарылбас кубаттуу күч бар. Ал күч – жаратман эмгек мамлекетибиздин күч кубатын арттырып, алдыга – өнүгүүгө багыттоого жөндөмдүү»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Соңунда Биринчи вице-премьер-министр бардык аял затына чың ден соолук, бакыт-таалай жана ар бир үйдө ынтымак уялап, береке жана молчулук болушун, ар бир күн айымдарга бакыт жана кубаныч тартуулашына тилектеш экенин билдирди.
Республика боюнча өз тармагында мыкты ийгиликтерге жетишкен мамлекет кызматкер айымдардын урматына салтанаттуу иш чара концерттик программалар менен коштолуп, айымдарга баалуу белектер берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ